• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Белгилей кетсек, Россия Федерациясы Кыргызстандын жеке жактарынын акча которуусуна киргизген чектөөсү жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири", - деп айтылат маалыматта.

Тар чөйрөдөгү жыйындан кийин өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны өтөт. Анда бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий