• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев ФАО Өкүлү Дорджи Кинлай менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасындагы БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Дорджи Кинлай менен анын өлкөдөгү миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы ФАО өкүлчүлүгүнө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү натыйжалуулугун камсыздоого көмөктөшүүсү, ошондой эле айыл жергесиндеги райондорду өнүктүрүүнү жана айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууну өбөлгөлөөсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өлкөбүздөгү маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу ФАОнун өзгөчө ролун белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий