• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев ФАО өкүлү менен агрардык тармакта кызматташууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасындагы БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү (БУУ ФАО) Доржи Кинлай менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Премьер-министр ФАОго атамекендик айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күнү аймактык өнүктүрүү Өкмөттүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

«Бизде аймактарда социалдык жана демографиялык мүнөздөгү, ошондой эле ички жана тышкы миграция менен байланыштуу көйгөйлөр көп. Аларды чечүүнү биз жер-жерлерде айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу карап жатабыз. Ошондуктан мен ФАОну өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдөгү ишенимдүү өнөктөш катары көрөм», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы белгилегендей, кыйла актуалдуу маселелердин бири – ирригациялык түйүндөрдү өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын экспорттоо көлөмүн өстүрүү болуп саналат.

Мындан тышкары Премьер-министр Өкмөттүн ишиндеги дагы бир артыкчылыктуу багыт – атамекендик туризмди өнүктүрүү болуп саналарын баса көрсөттү, бул аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга оң таасирин бериши керек.

ФАО өкүлү Доржи Кинлай белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУ ФАОнун ортосундагы Кызматташуунун рамкалык программасынын алкагында 2018-2022-жылдарга карата Уюмдун ишмердигиндеги негизги багыт – азык-түлүк коопсуздугу, айыл жерлеринде жакырчылыкты кыскартуу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу болуп эсептелет.

Ал ошондой эле облустардагы дыйкан чарбаларга колдоо көрсөтүү аркылуу өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярдыктарын айтты. ФАО өкүлүнүн айтымында, Кыргызстан Уюм үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Мындан тышкары Доржи Кинлай аймактардагы дыйкандардын айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча квалификациясын жогорулатуу жана жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртуу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө даярдык билдирди.

Тараптар биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү кызматташтыкты улантууга макулдашышты. Ошондой эле Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга ФАО эксперттеринин катышуусунда дыйкандар үчүн окутуу семинарларын өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий