• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финансы-экономикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз.

«Урматтуу финансы-экономикалык тутумдун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Финансы-экономикалык тутум система – экономиканын түйшүктүү жана ошол эле учурда негизги тармактарынын бири болуп саналат, өлкөбүздүн бакубаттуулугу анын ийгиликтүү иштешинен көз каранды болот.

Бүгүн Кыргызстандын экономикасынын алдында ырааттуу жана натыйжалуу чечүүгө тийиш болгон маанилүү милдеттер турат. Бул өңүттө тең салмактуу жана туруктуу бюджетти камсыздоо, көмүскө экономикага каршы күрөшүү, заманбап санариптик технологияларды киргизүү жана мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү, бажы жана салык тутумун реформалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги артыкчылыктары болуп саналат.

Финансы-экономикалык тутум – бул жогорку квалификациялуу, стратегиялык жана аналитикалык ой жүгүрткөн, ак ниет жана жооптуу адамдар иштеген тармак. Алардын эриш-аркак жана жемиштүү ишинен, демилгелүүлүгүнөн жана патриоттуулугунан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышы көз каранды.

Учурдан пайдаланып финансы-экономикалык чөйрөнүн бардык кызматкерлерине чың ден соолук, узун өмүр, ары түйшүктүү жана жаратмандык ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий