• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев футболчуларды колдоо үчүн стандионго барды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.11.19./Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япониянын командасы менен беттешкен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама коимандасын колдоо үчүн стадионго барды.

Өкмөт башчы Д. Өмурзаков атындагы стадиондо эки команданын футболчуларынын оюнун көрдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия командалары менен ойноп жатат. Футбол боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлектинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий