• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Грузияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Грузияга учуп кетти.

Үч күндүк сапардын алкагында өкмөт башчы Тбилиси шаарындагы “Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү” саммитине катышат.

Андан тышкары Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, өкмөт башчы Мамука Бахтадзе жана өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугуша тургандыгы күтүлүүдө.

Абылгазиевди коштоп кеткендердин тизмеси:

- Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев;

- Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева;

- Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров;

- Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов;

- Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев;

- Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев;

- Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;

- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев;

-Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков;

- Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров;

- Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;

-Өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев.

Пикир

Оставить комментарий