• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Үй-бүлөдөгү зомбулук бир бүлөнүн ички маселеси катары кабыл алынбашы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 10-декабрга чейин өтө турган «зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясын колдойт.

Өкмөт башчы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү актуалдуу маселелерден экенин белгиледи.

«Аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту коомчулук жөн гана турбашы керек. Физикалык, психологиялык, сексуалдык мүнөздөгү, кыскасы, кандай гана үстөмдүк болбосун, тийиштүү органдардын, коомчулуктун, мамлекеттин көңүл сыртында болбош керек, анктени зордук-зомбулуктун жасалышы – бул адам укугунун, адамдык кадыр-барктын кол тийбестик принцибинин бузулушу болуп саналат. Ал тургай балдарга карата жасалган кордук кабыл алынгыс нерсе. Мындай фактылар алардын саламаттыгын чыңдоо, коопсуздук жана бакубатчылык укуктарынын негизин бузуп, ал эми психологиялык соккулар калган өмүрүнө таасир бериши мүмкүн. Биз муну ар дайым эсибизден чыгарбай, балдардын бактылуу балалык өткөрүү укугун коргоп жана камсыз кылууга тийишпиз. Бул өңүттөн алганда жалпы коомдун ролу өзгөчө маанилүү. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке маселеси катары каралбашы керек, мындай фактыларды унчукпай коюуга же укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү жоопсуз калтырууга болбойт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, жыл сайын өтүүчү «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын максаты коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик шартталган зомбулукка жол бербестигин жогорулатуу, мекендештер арасында зомбулуктун бардык түрлөрү жөнүндө түшүнүгүн жана кабардарлыгын өстүрүү болуп саналат.

Республикада 2019-жылын 10 айында 5185 үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү учуру катталса, анын ичинде денеге залал келтирүү - 3647, психологиялык - 1362, жыныстык - 7. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинде катталган жоруктар – 5569.

Пикир

Оставить комментарий