• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Япония Өкмөтү, JICA менен жемиштүү кызматташууга даярбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев JICAнын биринчи вице-президенти Кадзухико Кошикава жетектеген делегация менен жолугушту.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министр Кыргызстанга келген Кадзухико Кошикаваны жылуу маанайда тосуп алды.

Өкмөт башчы Япония менен кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири жана буга кыргыз тарап өзгөчө маани берерин айтты.

Премьер-министр ошондой эле Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземинин өтүшү менен куттуктап, Япон элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

«Япония Өкмөтү, JICA көп жылдардан бери өлкө үчүн маанилүү болгон ар кандай тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга баа жеткис колдоо көрсөтүп, жардам берип келет. Биз бул үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан ары өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууга даярбыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Министрлер кабинетинин жетекчиси JICAнын бир нече долбоорун баса көрсөтүп, Кыргызстанда «Бир айыл – бир продукт» долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Анын натыйжасында элет жеринде жумуш орундары түзүлүп жатат. Премьер-министр долбоорду ишке ашырууну экопродукцияны өндүрүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон Баткен облусунан баштоо аркылуу анын камтуу зонасын кеңейтүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн гидроэнергетикалык дараметин, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү, электромобилдерди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жаатындагы алаканы эске алуу менен кызматташтыктын келечектүү тармактарын белгилеп өттү.

Мындан тышкары ал жолугушууда Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэданын жооптуу ишине ийгилик каалады.

Өз кезегинде биринчи вице-президент Кадзухико Кошикава меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал долбоорлордун негизги багыттары айыл чарба жана ишкерликти өнүктүрүү болуп саналат, 2019-жылдан баштап туризм, саламаттык сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Жолугушууда биринчи вице-президент Кадзухико Кошикава социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоого даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий