• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев Япония Парламентинин депутаттары Ген Накатани жана Асахико Михаро менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Өкүлдөр Палатасынын депутаттары, Кыргыз Республикасы менен Достук лигасынын лидери Ген Накатани жана аталган Достук лигасынын мүчөсү Асахико Михаро менен жолугушту.

Япония Парламентинин депутаттары Өкмөт башчыга жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, күн мурун Бишкекте болуп өткөн алгачкы кыргыз-япон парламент аралык форумунун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти.

«Биз орун алган кыргыз-япон парламент аралык форумунун жыйынтыктарына абдан ыраазыбыз. Биз парламент аралык мамилелелерди, биринчи кезекте ишкер байланыштарды жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу жаатындагы аракеттерди активдештирүүнү макулдаштык», - деди Ген Накатани.

Жолугушуунун жүрүшүндө япон парламентинин депутаттары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын жайлоосундагы этношаарча, Кыргызстандын кооз жаратылышы тууралуу жылуу пикирлерин билдирип, иш-чаралардын жогорку уюшкандыкта өткөндүгүн белгилешти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алгачкы кыргыз-япон парламент аралык форумунун жемиштүү өткөндүгүн канагаттануу менен белгилеп, республика Япония аралык алакаларга өзгөчө көңүл бура тургандыгын жана алар тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөгүн жана колдоосун жогору бааларын белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле Япониядагы адам курмандыктары менен коштолгон жер силкинүүгө байланыштуу көңүл айтты.
Жолугушууда Кыргызстан жана Япония аралык инфраструктураны жана туризмди өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды.

Тараптар өз-ара кызыкчылыктарга дал келген тармактарда биргелешкен конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнес-чөйрө өкүлдөрү ортосундагы байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий