• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 2019-жылы – 46,5% чейин төмөндөйт

Экономика 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. ИДПга карата Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 2019-жылы – 46,5% чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдагы республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болгон бюджеттин божомолу жөнүндө сөз кылып жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал маалымдагандай, президент Сооронбай Жээнбековдун – өлкөнүн тышкы карызын өстүрбөө боюнча саясаты – коомчулукта чоң колдоо таап жатат.

«Тышкы карызда 2018-жылдан баштап алгачкы жолу туруктуу төмөндөө тенденциясы орун алды. Эгерде 2017-жылы ИДПга карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018 – 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Демек, ички резервдерди натыйжалуу пайдаланып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен, тапкан каражаттар менен жашоого үйрөнүшүбүз керек деген өкмөттүн позициясы туруктуу. Бул – бюджет тармагындагы негизги стратегия!», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий