• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерди жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатынын репетициясына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн Өкмөт башчы белгилегендей, алдыдагы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн мамлекет бардык зарыл күч-аракеттерин жумшайт.

«Мен бул масштабдуу ишке тартылгандардын бардыгына ыраазычылык билдиргим келет. Оюндарга даярдыктарга жигердүү катышкан ынтымактуу жана кесипкөй команда, креативдүү жана мекенчил жаштар менен бирге биз III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку уюшкандыкта өткөрөбүз. Биз бардыгыңыздарга укмуштуудай зор эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз, биз сиздер менен сыймыктанабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрге оюндарды өткөрүүгө ипподромдун толук даярдыгы, ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдалды.

Өкмөт башчы ошондой эле тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ар кыл уюштуруу маселелерин талкуулады жана тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий