• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Абылгазиев III ДКОго карата Кырчын жайлоосунун даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-августта, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кырчын жайлоосунун даярдыгын текшерди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчыга III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чараларды өткөрүүгө Кырчын жайлоосунун толук даярдыгы жана мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымдалды.

Учурда жайлоодо этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык зарыл объектилер тургузулган, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлгөн.

Премьер-министр меймандарды тосууга жана боз үй шаарчасын орнотуу менен иш-чараларды өткөрүүгө 2018-жылдын 31-августуна чейин толук даярдыкты камсыздоону тапшырды.

Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда бардык ыкчам штабдардын жөнгө салынган ишин камсыз кылуу үчүн уюштуруу маселелерин ыкчам жана деталдуу чечүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий