• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев ИИМге өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө акыркы учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда болуп өткөн, коомдук кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсыздануу билдирди.

«Милициянын ишмердүүлүгү жарандардын өзгөчө көңүлүндө турат жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги милдеттерин аткаруу өңүтүндө гана эмес, адам укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашыруу жаатында каралууга тийиш. Бул өзгөчө маанилүү. Милицияны реформалоо пландары көп жылдардан бери бир топ багытта бери ишке ашпай келет. Кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек. Бүгүн коом да, мамлекет да милициянын жүрөк өйүткөн маселелерин токтоосуз чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирде турат. Мамлекет милицияны каржылоону жана техникалык жабдууну жакшыртууга, жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүгө аракеттенүүдө. Бирок милицияга карата жарандардын ишенимин кайтаруу жана бүгүнкү жагдайды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары көп иштерди аткарууга тийиш. Ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу милиция кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу шарттарын түзүү үчүн Кайгуул милициясы түзүлгөн. Ал тиешелүү техника жана жабдуулар менен камсыздалган. Коомдук жайларда кылмыштарды ачыктоонун заманбап технологиялары киргизилүүдө. Алар өз натыйжалуулугун көрсөтүп, кылмыштардын алдын алууга жана бетин ачууга көмөк көрсөтө баштады. Жарандар Өкмөттүн күч-аракеттерин колдоп, жолдордо, көчөлөрдө жана короолордо тартип болгонун каалашат. Видеобайкоо камераларынын жардамы менен көптөгөн кылмыштар аныкталып жатканын биз көрүп жатабыз. Мындай шарттар милициянын катарында карасанатай жана кесипкөй эмес, кыянаттык менен пайдаланган жана кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистердин болушун чектейт. Алар реформаны илгерилетүүгө тоскоол болушууда, аларга карата эң катуу чаралар көрүлүшү керек», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Ички иштер министрлиги шашылыш түрдө уюштуруу жана кадрдык жаңы киргизүүлөрдү кабыл алып, өз катарын милициянын беделин бузган, коомдун кызыкчылыгына каршы бет алып, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, укук коргоо тутумунда кызматкерлерди ак ниет жана чынчыл иштөөгө, мыйзамды карманууга жана адам укуктарын катуу сактоого дем берген чечимдерди иштеп чыгуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий