• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев ИКУнун кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбулга учуп кетти

Саясат 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына (Түркия Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий