• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өстү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. 2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өстү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн АКШ долларын түзгөн.

«2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», - деп билдирди Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы жетишилген бир катар көрсөткүчтөргө токтолду.

«2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өскөн. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн АКШ долларын түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий