• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Интеграцияга бир гана жол бар – бул эркин рынок

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык форумдун ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен бирге Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө барды.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан иш-чаранын катышуучуларына Форумга катышуулары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Евразия биримдиги калыптанып гана калбастан, жыл сайын чыныгы күчкө ээ болуп, экономикалык жактан өз алдынча жана атаандаштыкка жөндөмдүү биримдик болуп бара жатат. Дүйнөлүк ааламдашуунун заманбап шарттарында Биримдик чакырыктарга гана каршы турбастан, эң татаал социалдык-экономикалык милдеттерди натыйжалуу чечүүдө. Карагыла, эмне болду. Биз бүгүн ар түрдүү аянтчаларда жолугушууларды көп өткөрүп, анда маселелер тууралуу ачык сүйлөшүп, жалпы идеяларды, максаттарды жана милдеттерди иштеп чыгып, бири бирибизди жакшы түшүнө баштадык. Мындай жолугушуулар бизге өлкөлөрүбүздүн экономикасын өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясын түзүүгө, ак ниет эмес атаандаштыкка каршы күрөшүүгө жана тышкы тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөт. Алгачкы ийгиликтүү жыйынтыктар бар, бул тууралуу бардыгыңыздар жакшы билесиздер. Бирок мындай байланыштардын эң башкы жетишкендиги – бул качандыр бир жоготуп алган жөнөкөй адамдык мамилелерди активдештирип жатабыз. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Биздин элдерибиздин кылымдарды карыткан бирдиктүү тарыхын кайра жаза албайбыз, ал эми адамдардын биримдикке умтулуусун бузууга болбойт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн ЕАЭБ – дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойногон мамлекеттер аралык өзгөчө орган болуп саналат. Анын айтымында, кыргыз товарларынын 80% коштоочу документтердин топтому болгон шартта ЕАЭБ рынокторуна эркин келип түшөт.

«Бул жогорку сапаттуу экологиялык таза товарлар, алар өлкө чегинен тышкары кеңири таанылган. Бул фактылардын баары Кыргызстан бүгүнкү күнү – зор мүмкүндүктөрдүн өлкөсү экендигин айтып турат. Ал чынчыл иштеп, акча табууну каалагандардын баары үчүн ачык. Кыргызстандын Өкмөтү кыска мөөнөттүн ичинде бизнести өнүктүрүүнү шарттаган бир катар иш-чараларды ишке ашырды», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ишкерлердин укугун коргоо үчүн бизнес-акыйткачы институту түзүлгөнүн, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан бизнести текшерүүгө эки жылдык мораторий киргенин, 2019-2022-жылдарга карата ишкерлерди тейлей турган борбордун ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча Концепция кабыл алынганын белгиледи.

«Мындай жаңылык биринчи жолу кирип жатканын айта кетүү керек. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын инвестициялык климаты ЕАЭБке кирген өлкөлөр гана эмес, Кытай, Түркия, Индия жана башка мамлекеттердин инвесторлору жана ишкерлери үчүн да бир кыйла ийкемдүү болууда. Форумда бизнес-түзүмдүн өкүлдөрү катышып жаткандыктан, учурдан пайдаланып, Кыргызстанда инвесторлор жана ишкерлерди өзүнө тарта турган турмактарды белгилегим келет. Бул, баарынан да, туризм чөйрөсү. Кыргызстан аймактагы туристтерди тарта турган борборго айланууда. 6 миллион калкыбыз менен биз жылына миллиондогон туристтерди кабыл алуудабыз. Биз 2023-жылга ИДПдагы туризмдин көрсөткүчүн 7%га чейин көтөрүүнү, 600 млн долларды түзө турган деңгээлге жетүүнү пландап жатабыз. Кыргызстан 2019-жылы туристтерди тарта турган дүйнөдөгү 5 өлкөнүн арасына кирди. Биз барынан биринчи, мурдагыдай эле, ЕАЭБке кирген өлкөрлөрдүн туристтерин кабыл алууну каалайбыз», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы Кыргызстандын кайра иштетүү жана айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу чөйрөсү ири инвестициялык артыкчылыктарга ээ экенин белгиледи. Ал Кыргызстанда иштеп жаткан кыргыз-орус биргелешкен 688 ишкананы мисал келтирди. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу жана энергетика тутуму инвесторлордун кызыгуусун жараткан тармактардын бири. Мисалы, Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык дарамети 142 млрд. киловатт-саатты түзөт, анын болгону бүгүнкү күндө 10% гана өздөштүрүлдү.

«Жакшы жактары менен катар эле, барыңар иш жүзүндө билген ЕАЭБдин маселелерине токтолгум келет. Биз бул маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бул ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар. 2016-жылдан ушул күнгө чейин тоскоолдуктардын саны 279дан 18ге чейин кыскарганына карабастан, тоскоолдуктардын деңгээли дагы эле товарды эркин жүгүртүүгө жана тейлөөгө терс таасирин тийгизип жатат. Мен ушул жерден – өзүбүздүн ички рынокту коргоо менен, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн глобалдуу ойлонуу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Интеграциянын бир гана жолу бар – бул эркин рынок», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Өкмөт башчы эмгек мигранттарынын укугун жана кепилдикти, муну менен катар капиталдын эркин айланышын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул маселе өзүнүн социалдык-экономикалык мааниси боюнча актуалдуу болуп саналат. ЕАЭБ өлкөрүндөгү мигранттар ошол өлкөнүн жарандарындай эле бардык укуктарды колдонушу керек. Бул ЕАЭБдин негизги максаты болушу зарыл. Пенсия маселеси, медициналык камсыздандыруу, айдоочулук күбөлүктүн, дипломдун таанылышы боюнча маселелерди чечүү – булардын бары ЕАЭБдеги жөнөкөй жарандардын пайдасына чечилиш керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктап жатып, Форумдун бардык катышуучуларынын иштерине ийгилик жана жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий