• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Инвестициялардын келүүсүнө тоскоолдук түзгөн чиновниктерге карата катаал чаралар көрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-сентябрда, инвестицияларды тартуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, өлкө экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү, ошондой эле инвестициялардын келүүсүнө карай тоскоолдуктарды жоюу боюнча чараларды активдештирүүнү талап кылды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу жер тилкелерин бөлүү, инфраструктурага кошуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк менен өз-ара аракеттешүүсү сыяктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда келип чыгуучу көйгөйлүү маселелерге токтолду.

«Маселелерди чечүүнүн бирден-бир ыкмасы катары бардык шаарлар – өнүгүү борборлору боюнча инвестициялык лотторду киргизүү болуп саналат. Көрсөтүлгөн лоттор инвестициялык долбоорлорду тоскоолдуксуз ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү тийиштүү документтердин топтомун камтыйт. Ошондой эле анда салык салуу, бажы жеңилдиктери, сырьелук база боюнча аналитикалык маалыматтар сунушталат. Натыйжада, өлкөгө келген инвестор ишке ашырууга сунушталган долбоорлордун тыкыр сүрөттөлүшүн көрө алат», - деди ал.

Бирок, анын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары активдүүлүк көрсөтпөстөн, аталган инвестициялык лотторду түзүүдө Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте тийиштүү аракеттерди көрө албай жатат.

«Жергиликтүү бийлик орган өкүлдөрүнүн конкреттүү инвестициялык долбоорлорго карата жагымсыз мамилеси да орун алууда», - деп маалымдады Шумкарбек Адылбек уулу.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, инвесторлор менен натыйжалуу иш алып баруу – бул аткаруу бийлик органдарынын маанилүү милдеттеринин бири.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кыска мөөнөттө инвестициялык лотторду түзүү үчүн жыйынтык чараларды кабыл алышы зарыл. Бул ишке карата шалаакылык жана жоопкерчилксиз мамилеге жол берилбеши керек. Ар бир чиновник инвестициялык лотторду өз мөөнөтүндө жана толук кандуу түзүүсү үчүн жеке жоопкерчилик алат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, инвестициялардын келишине жана конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуу фактылары аныкталган шартта күнөөлүү жактарга карата кылмыш жоопкерчилигине чейинки катуу чаралар көрүлөт.

«Инвесторлор жана инвестициялык лоттор менен иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ишмердигин баалоонун башкы критерийлеринин бири болот. Ошону менен бирге инвестицияларды тартуу жана коргоо, тоскоолдуктарды четтетүү механизмдери жана мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү даярдоо процессин ыкчамдатуу керек», - деп баса белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий