• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев ЮНИСЕФ өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен анын миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ ишмердүүлүгүнүн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, энелердин жана перинаталдык саламаттыкты сактоого жана балдардын өлүмүн кыскартууга багытталган өлкөлүк программаларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Премьер-министр Юкиэ Мокуого жемиштүү ишмердүүлүгү, эне жана балага вакцина саюу жана витаминдештирүү, билим берүүнүн балдарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, зомбулуктан жана басмырлоодон коргоо боюнча кызматташтык программаларын ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясын ратификациялоосун эске алуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарда социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо боюнча мамлекеттин демилгелерин колдоосу үчүн ЮНИСЕФ Өкүлчүлүгүнө ыраазычылык айтты.

Өз кезегинде Юкиэ Мокуо белгилегендей, Кыргыз Республикасы 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартууда прогресске жетишти, эрте курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгү эки эсе өстү жана дээрлик 40% балдар бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Өлкөдөгү дээрлик бардык балдар баштапкы мектепте окушат.

Ал бул маанилүү жетишкендиктер экендигин белгилеп, эрте куракта балдардын өнүгүүсүнө жана бакубатчылыгына инвестиция салуунун маанисин баса көрсөттү.

Ошону менен бирге жолугушууда балдарга зомбулук көрсөтүүгө жол бербөө боюнча биргелешкен чаралар маселелери талкууланды.

Юкиэ Мокуо ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун колдоосу алдында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз өз ара аракеттешүүдө «ТУМАР» улуттук кампаниясын биргелешип ишке ашырууга кубанычта экендигин белгиледи.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт бул багыттагы бардык эл аралык талаптарды жана стандарттарды так сактап, эне жана баланы социалдык коргоо тутумуна мындан ары карай да инвестиция салат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Юкиэ Мокуого ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий