• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Абылгазиев юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 30.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев юристтерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Юристинин күнү менен куттуктады, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

Кымбаттуу достор!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан силерди Кыргыз Республикасынын Юристинин күнү – кесиптик майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Юристтик кесип – бул ардактуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү миссия, андан ар бир адамдын күнүмдүк жашоосу жана жалпы коомдун туруктуулугу көз каранды.

Биздин мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн бардык тарыхый баскычтарында юристтер бекем укуктук негиз түзүп, ал аркылуу заманбап Кыргыз Республикасынын курулушуна татыктуу салымдарын кошушту. Өткөн кылымдын 20-жылдарындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүн, СССР кулагандан кийинки мезгилдер жана өлкөбүздүн эгемендүүлүккө жетишүүсүн эске салсак, бул кыргыз элинин жашоосундагы тарыхый учурлар болгон.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын юристтери – бул чоң күч, ал өлкөдө социалдык-экономикалык реформаларды өткөрүүгө активдүү катышат.

Экономика, айыл чарбасы жана өнөр жай, медицина жана билим берүү, энергетика жана транспорт, миграция жана социалдык коргоо, экология – ар бир тармактын ийгиликтүү иши ченемдик-укуктук базанын натыйжалуулугунан жана юристтердин кесипкөйлүгүнөн, принципиалдуулугунан жана берилүүсүнөн түздөн-түз көз каранды.

Ал гана эмес, жашоо бүгүн юристтерден жогорку аналитикалык ой жүгүртүүнү жана репутацияны, карапайым адамдардын өтүнүчтөрүнө жана мүдөөлөрүнө туура жана өз убагында жооп кайтарууну талап кылат.

Учурдан пайдаланып, сиздерге ары оор ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди, ден соолук, өзүңүздөргө жана үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм. Майрамыңыздар менен!

Пикир

Оставить комментарий