• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Көмүр сатуу жайлары өлкөнүн ар бир калктуу пунктунда уюштурулууга тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү каралды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы алдыдагы жылуулук мезгилине Бишкек шаарынын ЖЭБинин даярдыктарын аяктоону тапшырды.

«Оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүлүүгө тийиш. Ошондой эле шаардык ЖЭБге көмүрдү өз убагында ташууну камсыздоо зарыл. Өлкөнүн бардык жылуулук ишканалары суукка толук даярдыкта болуусу кажет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору Андрей Воропаев маалымдагандай, ишканага азыркы тапта 239 миң тонна көмүр түшүрүлгөн.

«Бул өткөн жылуулук мезгилине караганда 25 миң тоннага көп. Көмүрдүн 75% - атамекендик көмүр жана 25% - импорттук, - деп белгиледи директор. – Бүгүн шаардык ЖЭБ алдыдагы күз-кыш мезгилине даяр деп айтууга болот».

Андрей Воропаев билдиргендей, турбиналык цехти жылуулоо иштери 80%га, ал эми чатыры дээрлик аяктады.

«Буу казан цехтери 20%га аткарылган. Мындай кырдаал тапшырык ээси тиешелүү материалдарды таппай калгандыгына байланыштуу. Бирок ноябрдын ортосуна чейин ал бардык иштерди бүткөрүүгө милдеттенет. Ишкананын жылуулук мезгилине даярдыгы тууралуу айтсак, электрдик жана жылуулук жүктөмдөрү боюнча биз кышка даярбыз. Өлкө Өкмөтү тарабынан белгиленген жүктөмдөрдү аткарууга камыбыз жетиштүү», - деп ишендирди Андрей Воропаев.

Буга катар ал жылытуу процессин каалаган күнү баштоого болоорун кошумчалады.

«Жаңы буу казандар резервде турат, биз аны жылытуу мезгилинде ишке берүүгө камдануудабыз», - деди ЖЭБ директору.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы социалдык объектилерди тийиштүү көмүрдүн көлөмү менен өз мөөнөтүндө камсыздоону жана өлкөнүн ар бир калктуу пунктунда отун сатуу түйүндөрүн уюштурууну тапшырды.

«Көмүр өндүрүү компанияларын калкка керектүү отундун көлөмү менен камсыздоосун милдеттендирүү зарыл. Алар киреше алуу менен катар өздөрүнүн социалдык милдеттенмелерин аткаруусу зарыл. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, район акимдери кыска мөөнөттө көмүр кендерин иштетекен компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек. Баш тартуу болгон учурда көмүр кендеринин лицензияларын алуу боюнча чараларды кароо зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев жана Антимонополдук жөнгө салуу агенттиги чайкоочуукка жол бербөө максатында көмүргө карата бааларды мониторингдөөнү ишке ашыруусу керектигин кошумчалады.

«Медициналык жана билим берүү мекемелери биринчи кезекте көмүр менен камсыздалышы керек. Мындан тышкары, ар бир айылдагы отун базалардын бардыгын текшерүү керек. Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн ырааттуу ишти алып баруусу кажет. Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча ар бир жетекчиге тийиштүү баа берилет», - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий