• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөшүү – бул татаал, бирок маанилүү милдет

Өкмөт 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Көмүскө экономика менен күрөшүү жана экономиканын ачыктык даражасын көтөрүү – бул татаал, бирок өзгөчө маанилүү милдет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселеси боюнча координациялык кеңеште билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын тиешелүү долбоорун колдоого байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү, фискалдык маалыматтар операторун ишке киргизүү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушуна көрүлүп жаткан даярдыктар талкууланды. Мындан тышкары ишканалардагы электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, калкты тейлөөнүн сервисттик моделин иштеп чыгуу боюнча чаралар талкууланды.

«Дагы бир жолу биздин негизги милдеттерибиздин бири – бул фискалдаштыруу системасын толук масштабдуу ишке киргизүү болуп саналарын эске салам. Бул көмүскө экономика менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы деп ойлойбуз. Муну менен мамлекеттин кирешеси көбөйгөнү сезилет жана актуалдуу социалдык милдеттер сапатуу чечилет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт ар кандай каршылык көрсөтүүлөргө карабастан, фискалдаштыруу системасынын бардык баскычтарын ырааттуу киргизүүгө ниеттенүүдө.

«Биз көмүскө экономика менен күрөшүү жана улуттук экономиканын ачык-айкындуулук даражасын жогорулатуу – бул татаал, бирок өзгөчө маанилүү милдет экендигин түшүнүүгө тийишпиз. Реформалардын башкы максаттарын дискредитациялоо аракеттерине кылчактабастан, аларды мындан ары да илгерилете беребиз. Биз былтыркы жылы бир катар жеңил эмес даярдоо иш-чараларын жүзөгө ашыра алдык. Баса белгилей кетсем, салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу системасы ата мекендик экономиканын кызыкчылыктарында толук бойдон киргизилиши керек», - деп баса көрсөттү Премьер-министр

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев реформаларды илгерилетүү процессин тездетүү үчүн салыктык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселеси боюнча Координациялык кеңештин ишин активдештирүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий