• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Көмүскө экономика менен күрөштө салыкчылар борбордук звено болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Көмүскө экономика менен күрөштө салыкчылар борбордук звено болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Эки жылдын ичинде салык системасында салыктык процедураларды фискалдаштырууну киргизүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. Алсак, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук патент алуу жана салыктык отчеттуулукту электрондук түрдө тапшыруу системалары иштейт; 2020-жылдын 1-июлунан тарта электрондук эсеп-фактураларын колдонуу боюнча пилоттук долбоор иштеп баштаган. Ошондой эле виртуалдык ККМ боюнча долбоор киргизилип; бардык май куюучу станциялар башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонууга даярдыктар көрүлүүдө; 2020-жылдын 1-июлунан баштап алкоголдук жана тамеки продукцияларына санариптик маркалоо милдеттүү түрдө киргизилет. Бул иш-чаралар өнүккөн өлкөнү куруу үчүн пайдубал болот», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошону менен бирге Мамлекеттик салык кызматынын ишинде салыктык кирешелерди башкаруу боюнча олуттуу кемчилдиктер бар экендигин белгиледи.

«Салык кызматынын негиздүү позициясы болуп, бизнестин ак ниет өкүлдөрүн колдоп, салык төлөөчүлөрдү негизсиз текшерүүлөрдү жоюушу керек. Ошондо гана туура атаандаштыкты түзө алабыз. Бекитилген планды аткарбагандардын бардыгы жада калса кызматтан бошотууга чейин катуу жазаланууга тийиш. 2020-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин бардык кемчилдиктер четтетилиши зарыл», - деп кайрылды өкмөт башчы ведомствонун төрагасына.

Премьер-министр коюлган милдеттерди так аткара алган кызматкерлер гана иштөөсү үчүн мекеменин кадр саясатын карап чыгуу керектигин белгиледи.

«Ошол эле учурда көчмө текшерүүдөн баш тартып дистанциялык формадагы текшерүүгө өтүү зарыл. Чек ара аркылуу товарларды ташып келүү жана алып чыгуунун каттоосуна өзгөчө көңүл буруу шарт. Көмүскө экономиканын өсүшүнөн улам жылына мамлектттик бюджетке 30 миллиард сомго жакын акча түшпөй жатат. Мен бул сумма мындан дагы чоң деп ойлойм. Дал ушул силер салык төлөөдөн качкан субъекттерди аныктаганга милдеттүүсүңөр. Биздин бир эле мамлекетибиз бар жана ар бир экинчи мамлекеттик кызматкер өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылса, анда өлкөнүн өнүгүүсү мүмкүн эмес», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы салык кызматынын алдына бир катар тапшырмаларды койду, анын ичинде салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча планды аткаруу, салыктык башкарууну санариптештирүү системасын тезинен жана толук кандуу киргизүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий