• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Каба, Жай-Терек айылдарын байланыштырган унаа жолун тейлөөнү Транспорт министрлигинин балансына алууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Каба жана Жай-Терек айылдарын байланыштырган унаа жолун тейлөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтый камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө жаан-чачындуу мезгилде унаалардын каттоосуна олуттуу тоскоолдук келтирген Каба жана Жай-Терек айылдарын байланыштырган унаа жолунун абалы менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Премьер-министрге аталган жол тилкесинде шагыл төшөө иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдады. Бирок бийик тоолуу аба-ырайынын катаалдыгына жараша жолдун абалы начар бойдон калууда.

Жолдун абалы менен таанышууда Мухаммедкалый Абылгазиев Жай-Терек айылынын тургундары менен маектешти. Жашоочулар Өкмөт башчыга алыста жайгашкан айыл көйгөйүнө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар Премьер-министрден унаа жолунун абалына көңүл бурулушун өтүндү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине бул жолду балансына алууну жана аны өз убагында сапаттуу тейлөөнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле айылдыктарга өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди, буга келерки жылы 15 млрд сом багытталат.

«Мен орун алган көйгөлөрдү өз көзүм менен көрүп таанышканы жана аларды чечүү жолдорун силер менен талкуулаганы келдим. Биз аймактарды өнүктүрүү боюнча билим берүү, бала бакчаларды жана мектептерди куруу тармагында чоң иштерди аткарууну пландап жатабыз. Аймактарда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу пландаштырылууда. Айылдарды ичүүчү жана сугат суусу менен камсыздоо, жолдорду куруу, дыйкан чарбаларды өнүктүрүү пландалган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр Талдуу-Булак айыл аймагын Көк-Алма айылы менен бириктирген Кара-Үнкүр дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин ушул айдын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Өкмөт башчы курулуш иштеринин сапатын камсыздоону жана аларды өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий