• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Кандай реформа болбосун тартип жана тынчтык шартында гана ишке ашат

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Өлкөдө тынчтык жана тартип болмоюнча бир дагы реформаны жана программаны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиясында билдирди.

«Укук тартиби планында 2019-жылы жеңил эмес жылдардан болду. Сот-укуктук реформанын алкагында бир нече жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирип, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү жүзөгө ашырылды, патрулдук милиция башкармалыгы түзүлдү. Былтыр катталган кылмыштардын 87% бетин ачуу үчүн ички иштер органдарына берилген», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы иштеги айрым кемчиликтерге карабастан, акыркы учурда жарандардын милицияга болгон ишениминин деңгээли жогорулап жатканын белгиледи.

«Статистика комитетинин маалыматы боюнча, ички иштер органдарына ишеним көрсөткүчү экинчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 13,5тен 23 баллга чейин жогорулаган. Бул жакшы көрсөткүч. Албетте, жакшыруу ачык көрүнүп турат, бирок чече турган маселелер али да бар», - деди ал.

Аны менен бирге Абылгазиев милицияда иштөөнү каалагандарды өтө тыкыр тандоо зарылдыгын айтып өттү.

«Жеке курам менен дайыма иш жүргүзүлүшү керек, анткени айрым милиция кызматкерлери мыйзам чегинен чыгышат. 2019-жылы милиция кызматкерлерине карата – 63 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде 27 коррупция фактысы, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, 2 алдамчылык фактысы бар. Силер мыйзам бузгандардын тизмесине түшпөй, жарандарыбыз үчүн үлгү болушуңар керек. Мамлекет милиция кызматкерлерин социалдык колдоону камсыздоо, айлык акысын жогорулатуу жана турак жай куруу боюнча күч-аракетин жумшап жатат. Силердин көбүңөр мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдетиңерди ак ниет жана чынчыл аткарууга умтуларыңарга мен ишенем. Бирок өздөрүнүн жүрүм-туруму менен карапайым элдин милицияга болгон ишениминен чыккан кызматкерлер дагы жок эмес. Биз мындай учурларды болушунча азайтууга тийишпиз, ал эми абийирсиз кызматкерлерден тазалануубуз керек», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий