• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Кара-Балтадагы оңдоп-түздөөдөн өткөрүлгөн спорткомплексин көрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорттук комплексинин капиталдык ондоп-түздөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки шарттары жана анын кышкы бассейни менен таанышты.

Буга чейин, былтыр декабрь айында Өкмөт башчы ушул спорттук комплекс авариялык абалда турган учурунда барган. Олимпиадалык стандарттагы объект 1977-жылы колдонууга берилген, алты тилкелүү бассейни бар, анын тереңдиги 1,7ден 4 метрга чейин.

Эксплуатацияга берилген жылдардын аралыгында бир да жолу капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес, болгону чатыры жана бассейндин суу толтурчу жери, дубалдар жана башка майда-барат ремонт иштери жасалган. Үстү жабык бассейн авариялык абалда болчу.

Бассейндин аймак үчүн уникалдуу объект экенин жана спортту жайылтууда негизги ролду ойноорун, ошондой эле Кара-Балта шаарынын жергиликтүү тургандарынын каалоосун жана жергиликтүү бюджеттин каражатынын чектелүү экенин эске алып, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев олимпиадалык стандарттагы бассейнди калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон каражатты табуу тапшырмасын берген.

Учурда айтылган объектте мекеменин шыбын, кыштан тургузулган сырткы дубалдарын, терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча иштер гана жасалбастан, сууда сүзүү үчүн бассейндин суу толтурулган жайын толугу менен калыбына келтирилип, ошондой эле темир-бетон конструкциясын дат басып кетпеш үчүн суу өтпөөчү жабдуулар коюлду. Капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүүдө заманбап стандарттагы спорттук курулмалар пайдаланылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт жарандардын, айрыкча өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна жана билим алуусуна өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Бул биздин ишибиздин негизги багыттарынын бири, анткени жаштардын саламаттыгы жана билим алуусу – бул улут бакубатчылыгынын кепилдиги. Ошондуктан биз республика боюнча жаңы билим берүү объектилерин куруу жана оңдоп-түздөө үчүн жана мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн каражат табууга күчүбүздү жумшап жатабыз. Муну менен катар билим берүүнүн, барынан биринчи мектептердеги билимдин сапатын көтөрүүгө айкын милдеттерди коюп жатабыз, анткени дал ошол жерден биздин балдар билиминин пайдубалын түптөлөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Өкмөт мындан ары дагы ачыктыкты камсыздоо жана социалдык маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн жашоонун ар кыл чөйрөлөрүндө заманбап технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттин кирешесин арттырууга жетише бермекчи.

«Биздин милдетибиз – ар бир шаарда, ар бир айылда заманбап мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жана ушул сыяктуу спорттук комплекстерди куруу болуп саналат», - деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Балта шаарынын жашоочуларын жаңы спорттук комплекстин курулушу менен дагы бир ирет куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий