• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев Каракол шаарында «Бир айыл – бир продукт» долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) борборуна барып, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

JICAнын республикадагы туруктуу өкүлү Кикучи Казухико Өкмөт башчыга аймакта бизнести өнүктүрүү ишмердиги тууралуу айтып берди.

«Биздин уюм ишкерликти жаңы баштагандарга бизнес баштоо үчүн зарыл болгон уруксат кагаздарын алуу тууралуу маалыматтарды берет. Биз ошондой эле тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз», - деди Кикучи Казухико.

Ошондой эле ал белгилегендей, азыркы мезгилде Каракол шаарындагы JICA өкүлчүлүгү «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ийгиликтүү жүргүзүп жатышат, анын алкагында кийиз буюмдар жасалат.

«Биз экологиялык жактан таза продукцияны өндүрүп, аны Япония жана Голландияга жөнөтөбүз. Жаныбарлардын кейиптери, үйдүн ичинен кийе турган бут кийимдер, сумкалар жана башка бардык буюмдар чет элдик кардарларыбыз арасында чоң суроо-талапка ээ. Биздин бардык продукцияларыбыз MUJI компаниясы тарабынан сатылат», - деп белгиледи JICA өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Өкмөт башчы өндүрүштүк процесс менен таанышып, учурда буюмдарды жасоону үйрөнүп жатышкан жумушчулар менен сүйлөштү. Алар окутуу курстарынан соң өз алдынча тапшырыктарды кабыл ала башташат.

«Бир айыл – бир продукт» долбоору биз үчүн ар бир аймактын өзгөчө сапаттарын жүзөгө ашырууга шарт түзөт. Ошентип биз жаңы иш орундарын түзүп жана жергиликтүү сырьедон сапаттуу продукцияларды өндүрө алабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана JICAнын MUJI япон компаниясы менен терең кызматташуусуна ишеним билдирди.

Маалымдама: «Бир айыл – бир продукт» Ассоциациясы (БАБП) кийиз буюмдарды, сувенирлерди, бал, жапайы мөмөлөрдөн кыям жана шире өндүрүүгө адистешкен 2000ден ашуун жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий