• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев каржылык-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшкө катыштыгы бар каржылык-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү, - деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында “Айыл Банк” ачык акционердик коому, “РСК банк”, “Кепилдик фонду”, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүктөрү боюнча маалымат угулду.

Өкмөт башчысы ушул жылдын 5 ай ичинде ИДП 5,6%га өскөндүгүн баса белгиледи.

“2019-жылдын 5 айында республиканын коммерциялык банктарына 136,4 млрд сомго насыя, анын 86,6 млрд сому улуттук валюта түрүндө берилген. Насыялар берилген чөйрө: соодага – 36 млрд сом, айыл чарбасына – 27,4 млрд сом, керектөө кредиттерине - 14,6 млрд сом, ипотекага - 13 млрд сом, курулушка - 12,3 млрд сом, өнөр жайга - 11,2 млрд сом. Белгилүү болгондой, биз үчүн артыкчылыктуу багыттар аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат. Бул аспекттен алып караганда, каржылык-кредиттик мекемелердин маанилүү ролу ишкерлерди жеткиликтүү насыя менен камсыз кылуу аркылуу ишкерлерди колдоо. Муну менен бирге аймактарда коомдук-экономикалык абалды жакшыртууга, ишканаларды өнүктүрүү менен жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.Мындан тышкары, аймактардагы банктарды өнүктүрүү боюнча маанилүү, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында, банктык кызмат көрсөтүүлөр менен коомдун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу керек”, - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бизнес-долбоорлорун жөнөкөйлөтүүнү кайра карап чыгуу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана туризм чөйрөсүндөгү объекттерди насыялоо керек.

Жыйындын жүрүшүндө, каржы-кредиттик уюмдарга, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга, региондордо айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын насыялоо ишин күчтөндүрүүнү тапшырды.

“РСК банк” жана “Кепилдик фонд” акционердик коомдорун капиталдаштыруу маселелерин чечүүнү тездетүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий