• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Казакстандагы кырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, Өкмөттүн Аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.

Эске салсак, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-августунда Казакстан Республикасынын Кызылордо облусунун Кармакшы районундагы «Батыш Кытай – Батыш Европа» унаа жолунда «Тойота-Естима» маркасындагы унаанын жана «Мерседес Бенц» жүк унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын беш жараны 1974-ж.т. А.К., 1978-ж.т. С.Н., 1983-ж.т. А.Т., 1991-ж.т. М.У., 2001-ж.т. К.А. көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармакшы райондук ооруканасына ар түрдүү жаракаттары менен КРнын үч жараны 1992-ж.т. У.А., 1992-ж.т. М.М. жана 1998-ж.т. К.А., жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий