• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Өкмөт агрардык продукцияны кайра иштетүүчүлөргө колдоо көрсөтүүнү мындан ары да улантат

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 19-июнда, Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Алтын Аймак» кайра иштетүүчү ишканасынын иши менен таанышып, Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушту.

Ишкана менен таанышуу учурунда Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Ар бир регион өз мүмкүндүгүн эске алуу менен өнүгүүсү зарыл. Бекитилген Аймактык өнүктүрүү концепциясынын алкагында биз өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүн, отун-энергетикалык жана агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багыт алуудабыз. USAID уюмунун көмөктөшүүсүндө биз феремерлерди атайы курстун алкагында ишкердик жана маркетингдин негиздерине үйрөтүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз атамекендик фермерлерибиз байланыштарды жайгаруу менен даяр продукцияны сатуу рынокторун кеңейтип, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу аркылуу жаңы жумушчу орундарды түзүүсүнө кызыкдарбыз», - деди ал.

«Алтын Аймак» компаниясынын өкүлдөрү билдиргендей, «Алтын Аймак» -бул кыргыз-тажик биргелешкен ишканасы, ал USAIDдин «Агрогоризонт» өнөктөштүк долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Ишкана өрүк, кара өрүк, алма, жаңгак жана башка кургатылган жемиштерди кайра иштетет. Белгилесек, акыркы жыйырма жылдыкта Тажикстан Республикасынын ишкерлери Кыргыз Республикасынан сырье сатып алып, аны даяр продукцияга айлантууда.

Учурда биздин ишкерлер атамекендик сырьедон жеринде даяр продукция өндүрүшүп, товарды АКШ, Украина, Россия жана Турциянын рыногуна экспорттоодо.

Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушууда Премьер-министр белгилегендей, ар жыл сайын аймактардагы жашоо акырындык менен жакшырууда: жолдор, социалдык объектилер курулууда, жаңы кичи жана орто бизнес ишканалары пайда болуп, агроөнөржай тармагы өнүгүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы милдеттеринин бири - облустун тышкы жана ички миграция маселелерин чечүү экенин баса белгиледи.

«Биз балдарыбызды эмгекке үйрөтүп, аларга татыктуу билим берүүбүз кажет. Жаштар башка өлкөлөргө иш издеп кетпеши үчүн аларга туулган жеринде жашоо жана иштөөгө шарттарды түзүү зарыл. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекетте туруктуулук, ал эми коомдо биримдик болушу керек. Ошондо гана биз алдыга жыла алабыз», - деди Өкмөт башчы.

Мындан тышкары жергиликтүү тургундар калкты социалдык коргоо, насыя берүү шарттарын жеңилдетүү, мектептерди, бала бакчаларды, логистикалык борборлорду куруу, жерлерди трансформациялоо жана таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү.

Жолугушуунун соңунда Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга козголгон маселелерди көзөмөлгө алып, аларды чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү милдеттендирди.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев «Логистикалык комплекс» куруу пландалган аймак менен таанышты. Бул үчүн Баткен шаарынын чегинде турган 181 га жер тилкесин трансформациялоо зарыл.

Өкмөт башчыга бүгүнкү күнү зарыл болгон макулдашуу процедуралары өткөрүлгөнү маалымдалды. Бирок жерлерди трансформациялоо маселеси чечиле элек.

Премьер-министр мындай ири долбоорлорду баштоонун алдында бардыгын тыкыр изилдөө керектигине басым жасады.

«Биз мындай борборлордун ишке киргизилишин колдойбуз жана аларга ар тараптуу аракеттешүүгө даярбыз. Бирок ишкерлер өз тараптарынан бардыгын дыкат ойлонуп чыгып, тиешелүү стандарттарга шайкеш келтирип жасоолору керек», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий