• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Абылгазиев: Өкмөт аймактарда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына жумуш сапарынын алкагында «Мурас» тигүү фабрикасына барды.

Өкмөт башчы тигүү фабрикасынын ишмердиги менен таанышып, өндүрүштүк цехти көрүп чыкты, ошондой эле тигүү буюмдарын жана улуттук кийимдерди тиккен эмгек жамааты менен маектешти.

Премьер-министрге өндүрүштүк баскычтар жана тигүү процессин автоматташтыруу жана компьютерлештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти. Ошондой эле ага фабрикада чыгарылган улуттук кийимдердин коллекциясы сунушталды.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт аймактарда чакан жана орто ишкерликти колдоого мындан ары да өзгөчө көңүл бурат.

Өкмөт башчы Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар аркылуу өлкөнүн аймактарында ишкерлердин жаңы мууну түзүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи, алар өндүрүштү өнүктүрүп, рыноктук суроо-талапка жана продукцияларды чет жакка экспорттого багытталат. Ал аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү, жумуш орундарын түзүүдөгү жана салык төлөөдөгү алардын өзгөчө ролун баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий