• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт аймактарды колдоого алуу боюнча чаралардын жыйындысын ишке ашырат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынына катышты, анда Ош облусунун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары талкууланды жана 2019-жылга милдеттери белгиленди.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл атамекендик экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болду.

«Биз коңшуларыбыздын жана стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн ишенимин кайтара алдык. Алар биздин республикага инвестиция салууга жана өз-ара пайдалуу шартта иш алып барууга даяр. Үстүбүздөгү жылы биз алдыбызга чоң милдеттерди коюудабыз жана ушул жыл өлкөбүз үчүн өнүгүү жылдардан болуп калуусуна жетишүүбүз зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, негизги жетишкендик катары, республикабыз финансылык жылды тышкы карыз алуусуз жыйынтыктады жана мындан ары карай өлкө жеңилдетилген шарттардагы максаттуу долбоорлорду жана натыйжалуу инвестицияларсды гана тартат.

Ал жер-жерлерде коюлган өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын маңызын түшүнүүсү тийиш деп белгиледи.

«Биз райондук администрация жетекчилерине баа берүү критерийлерин иштеп чыктык, анын негизинде конкреттүү көрсөткүчтөрдүн негизинде алардын ишине баа берилет. Үстүбүздөгү жылы региондорду өнүктүрүү Өкмөттүн негизги багыттарынын бири катары саналат. Атап айтканда, биз аймактарды колдоого алуу боюнча чаралардын жыйындысын ишке ашырабыз. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу абдан маанилүү», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкө региондору алдында турган артыкчылыктуу милдеттердин катарында ирригацияны өнүктүрүү, айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо, жаңы өндүрүштү ишке берүү аркылуу жаңы жумушчу орундарын түзүү, билим берүү жана медицинанын сапатын жогорулатуу тураарын белгиледи.

Өкмөт башчы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жыйынга катышууучу өкүлдөрүнөн алардын эмгек шарты жана эмгек акысы жогорулатылган соңку өлчөмү тууралуу сурап кайрылды.

«Натыйжалуу жана иш билги адистерге карата адилеттүү мамиле кылуу жолу менен айлык акысын жогорулатуу ыкмасы билим берүү тармагында да пайдаланылышы тийиш. Өзүн-өзү өнүктүрүгө, кесиптик деңгээлин жогорулатууга умтулган, окуучулары сапаттуу билим алып, олимпиадаларда жеңишке жеткен мугалимдер татыктуу акы алуусу шарт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан чараларга токтолуп, аймактардагы тургундар бул иштин актуалдуулугун жана зарылдыгын түшүнүүсү зарыл деп белгиледи.

«Бардык мамлекеттик тейлөөлөр электрондук форматта сунушталат жана жалпы жарандарга, анын катарында алыскы аймактардагы тургундарга жеткиликтүү болот. Биз интернетти өлкөнүн бардык аймактарына өткөрүүгө умтулуудабыз, ал жарандардын мамлекеттик тейлөөлөргө гана эмес, ошол эле учурда банктарга, билим берүү мекемелерине карай жеңилдетилген жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Бул аймактардын өнүгүүсүнө карата олуттуу кадам болуп саналат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Мен көп иштеп, аз сүйлөө принцибин карманам. Ошол эде учурда биздин кемчиликтерибиз тууралуу ачык айтып, өз идеяларын сунуштоочулар менен талкуу жүргүзүүгө даярбыз. Биз көп иштеп, жаратмандыкка багыт алуубуз керек».

Жыйынтыгында Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине өлкө өнүгүүсү жана жарандардын бакубат жашоосу үчүн коюлган милдеттерди чечүүдө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий