• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Өкмөт аймактарга жардам көрсөтүүгө даяр инвесторлорду мындан ары да колдой берет

Өкмөт 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында Кең-Сай конушунда аялдардын жана эркектердин кийимдерин тигүү боюнча текстилдик тигүү фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, мында келечекте жети миң адам жумуш менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Долбоорго ылайык негизги иштөө мөөнөтү катары – тигүү фабрикасы, агрардык тармак – пахта, пахта тазалоо жана кайра иштетүү, жип жана кездеме өндүрүү ишканасы пландалууда.

«Биз пахта өндүрүү көлөмүн өстүрүүгө, пахтачылыкта жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бул өсүмдүктү өндүрүүнү жергиликтүү калк арасында жогорулатууга жана жаштар арасында миграцияны азайтууга ниеттенүүдөбүз. Ошондой эле тигүү ишканаларын жергиликтүү жогорку сапаттуу кездемелер менен камсыздоону пландап жатабыз»,- дешти ишкерлер.

Алардын айтымында, өндүрүштү 2019-жылдын биринчи декадасында ишке киргизүү пландалууда.

Фабриканын курулушу үчүн 25 гектар жер бөлүнгөн, мында жети цех иштейт. Мындан тышкары долбоордо ишкананын кызматкерлери үчүн турак үй, бала бакча, окуу борборунун, парктык зонанын жана башка жалпы ыңгайлуулук үчүн зарыл объектилердин курулушу каралган.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан бул долбоорду ишке ашырууда текстилдик жабдууларды сатып алууну каржылоо боюнча колдоо көрсөтүлөт.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт мындай долбоорлорду колдойт жана аймактарда жумуш орундарын түзгөн инвесторлорду ар тараптуу колдоого даяр. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган.

«Аймактарда өлкө экономикасы, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн зор мүмкүндүктөрдү жана келечекти ачкан мындай ишканалардын курулушу кубанычтуу. Биз өзүбүз тараптан бул өңдүү башталыштар аймактарды жана өлкөнү өнүктүрүү кызыкчылыгында ийгиликтүү ишке ашырылуусу үчүн ар жактуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан соң Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга тийиштүү колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Суу районунда жайгашкан «Cotton-Textile Factory» ААКга барды.

Ишкананын башчысы Хамидилла Юлдашов айтып бергендей, ишкананын кубаттуулугу жылына 15 000 тонна пахтаны түзөт. Мында 230 адам иштейт.

Ишкана дыйкандарга пайызсыз насыяларды берет, алардын продукциясын рыноктук баада сатып алат жана аны кайра иштетүү менен алектенет. Заводдун продукциясы Россия, Кытай жана Бангладешке экспорттолот.

Мындан тышкары ишканада өсүмдүк майы, кир самын жана кошмо тоют өндүрүлөт.

Сырьенун жетишсиздигине туш болгон заводдун жетекчилиги Премьер-министрден зарыл болгон сырьенун өндүрүшүн даярдоо жана камсыздоо боюнча ишкананын мүмкүндүктөрүн кеңейтүү үчүн жер бөлүү маселесин кароону өтүнүштү.

Пикир

Оставить комментарий