• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Абылгазиев: Өкмөт бизнес жүргүзүүгө шарттарды түзүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. «Өкмөт бизнес жүргүзүүгө шарттарды түзүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңешинин кезектеги жыйынында. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Экономика министри Олег Панкратов ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында белгиленген чаралар тууралуу маалымдады.

«Баскычтуу иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган бир топ милдеттерди ишке ашыруу пландаштырылган. Иш-чаралардын планы үч жылдык келечекке багытталган. Анын багыттарынын бири - лицензиялык-уруксаат тутумун жакшыртуу болуп саналат. Башкы жаңылык ишкерлердин тиешелүү лицензияларды интернет аркылуу алуусу болот. Мындан тышкары, жеке уюмдардын алган лицензияларынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча укуктарыбызды мыйзамдаштырабыз», - деп белгиледи ал.

Олег Панкратов ишкерлик субъекттеринин текшерүү процедураларына нааразычылыктарынын санынын көптүгүнө байланыштуу, үч жылдык мораторий жарыялоо чечими кабыл алынганын билдирди.

«Муну менен катар биз бизнес-коомчулук менен чындап өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу үчүн мамлекеттик органдардын жазалоо функцияларын кыскартууга басым коюп жатабыз», - деди экономика министри. Жакынкы убакта биз онлайн режиминде товарлардын жылышын көзөмөлдөөнү шарттаган электрондук эсеп-фактураларын киргизебиз. Мамлекеттик салык кызматы бардык зарыл маалыматтарга ээ болуп жана ишкерлердин салыктык милдеттерин так көрүп турат. Ошону менен бирге Өкмөт белгилүү бир жеңилдиктерди берүү жолу менен накталай эмес эсептешүү тутумун өнүктүрүүнү өбөлгөлөйт», - деп баса белгиледи экономика министри Олег Панкратов.

Жыйындын жүрүшүндө бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү ишкерликти колдоого, бизнес жүргүзүүнүн айрым процедураларына, лицензияларды жана уруксаат кагаздарын алуу шарттарын жеңилдетүүгө, республикага товарларды мыйзамсыз ташууга каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу өз суроолорун беришти.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы тийиштүү органдарга ишкерлердин бардык сунуштарын карап чыгууну жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча толук чараларды кабыл алууну милдеттендирди.

«Өкмөт бизнес жүргүзүүгө шарттарды түзүү иштерин күчтөндүрүүсү зарыл. Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө буга чейин берилген тапшырмаларды аткаруу бир нече жылдан бери кагаз бетинде калып келет. Демек, мамлекеттик органдардын жетекчилери өз милдеттерин аткарууга тиешелүү жоопкерчилик менен киришпейт. Мындай тактика мындай ары колдонулбайт», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий