• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Өкмөт эми кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасы менен таанышты.

Ишкананын кубаттуулугу: жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт.

Компаниянын жетекчилигинин маалыматына караганда, ушул жылдын ноябрь айында алтын казган фабриканы куруу иштери башталат. Ишканадан 7 млрд сом салык түшөт. Анын 2 млрд сому жергиликтүү бюджетке которулат. Фабриканын куруу үчүн 850, ал эми өндүрүштү ишке киргизүүдө 600дөн ашык иш оруну түзүлөт. Компаниянын жетекчилиги иш процесстеги айрым маселелерди чечүүгө жардам берүүнү өтүндү. Бул экспертизалык иш процессин тездетүү, аны жыйынтыктоо, энергия менен камсыздоо, жол куруудагы жердин башын ачуу сындуу маселелер.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы фабриканы курууга жер бөлүп берүү маселеси чечилгенин белгиледи.

«Компания 100 млн доллар инвестиция салууну жана 700 жумуш орунун түзүүнү, анын 90 пайызын жергиликтүү элден түзүүнү пландоодо. Мен жергиликтүү эл техникалык багыттагы адистикти өздөштүрүп, окуу керектигин белгилегим келет. Жаңы фабрика иштеп баштаганда дагы 350 жумуш оруну түзүлөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр - Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын коюуда, - деп белгиледи.

«Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт: биздин мөңгүлөрдү сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу, бардык экологиялык талаптарды сактоо», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кен иштетүүгө лицензия берүүнүн натыйжасы тууралуу жергиликтүү элдин берген суроолоруна Премьер-министр жооп берип жатып, учурда Өкмөт уруксатты башаламан берген системаны толугу менен четке чыгарып, башка принцип менен иш алып барууда, -деди.

«Биз, тилекке каршы, лицензия берүүдөгү буга чейин түзүлүп калган шарттарды аргасыздан аткарып келгенбиз. Эми мындан ары көзөмөлсүз берүүгө жол берилбейт. Буга чейин компаниянын тарыхына анализ жасалбай, алардын иш планын билбей туруп, уруксат берүүчү документ берилип келген. Мамлекеттик органдар жергиликтүү эл менен иштешүү маселесин инвесторлорго оодарып, өздөрү четте калчу. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары формалдуу иштер менен гана алектенип келген. Бул конфликтке жана түшүнбөөчүлүккө алып келчү. Эми биз бул иштерди тийиштүү деңгээлге гана чыгарбастан, мамлекеттин кен иштеткен компаниялардагы милдеттүү үлүшүн бекитип бердик. Бул эффективдүү кызматташтыкты, жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүүнү шарттайт жана бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөлдү күчөтөт. Мындай жол биздин жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 пайыз, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 25% үлүшү бар.

Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай кыштагында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий