• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: өкмөт инвесторлорду колдоп, алардын маселелерин чечүүдө жардам бериш керек

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Биз инвесторлорду колдоп, өндүрүштөр көп болушу үчүн алардын маселелерин чечүүдө көмөктөшүүгө тийишпиз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал бүгүн монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышып, өндүрүштүк базасы жана чыгарылган продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты.

"Быйыл өлкөдө бир катар жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы пландалууда. Либералдык салык тутумун эске алганда, өндүрүштү өстүрүү жана экономиканы бекемдөө үчүн бизде бардык шарттар бар", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы экономиканы өнүктүрүүдө инвестициялар жана жаңы өндүрүштү ачуу маанилүү роль ойнойт, бирок ал үчүн туруктуулук керектиги эске салды.

Завод менен таанышкан соң Абылгазиев тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине өндүрүштү толук кубаттуулукта ишке киргизүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий