• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Өкмөт кыйынчылыктарга карабастан экономикалык өнүгүү пландарын аткарууну улантат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык өнүгүү боюнча планын аткаруу создугууда, бирок бул багыттагы иштер улантылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз жыйынында билдирди.

«Биз жылдын башында алдыбызга чоң максаттарды койгонбуз. Бул аймактарды өнүктүрүү, 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу, экономиканы санариптештирүү, экономиканын көптөгөн тармактарында реформа жасоо. Жыл жакшы көрсөткүчтөр менен башталган. Алгачкы эки айда экономикалык өсүш 4,3% түздү. Бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин айлык акысын 12%га көтөрө алдык. Бирок COVID-19 пандемиясы өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди. Ошондо да Өкмөт кыйынчылыктарга карабастан экономикалык өнүгүү пландарын аткарууну улантат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Экономиканы өнүктүрүүнүн ар бир баскычы коом тарабынан оң кабыл алынды.

«Планда салык кызматын реформалоо сыяктуу маанилүү багыттар камтылган. Бюджет көбүнесе дал ушул кызматтын ишинин ачыктыгынан жана таасирдүүлүгүнөн көз каранды. Реформалар коррупциялык иш-аракеттердин тобокелдиктерин азайтып, калктын ишенимин кайтарууга шарт түзөт. Фискалдаштыруу тутумун киргизүү көмүскө экономика менен күрөшүүгө өз салымын кошот. Бажы системасын реформалоо боюнча иш башталды. Башталган бул кадамдардын бардыгы аягына чыгарылып, өз жемишин алып келет», - деди Премьер-министр.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы бүгүнкү күндөгү башкы милдетти белгилеп өттү.

«Биздин өлкөнүн экономикасы дүйнө жүзүндөгүдөй эле оор мезгилди башынан кечирип жатат. Аны менен катар биз үчүн биринчи кезекте калктын саламаттыгы маанилүү экендигин дагы бир ирет баса көрсөтө кетейин. Эки ай мурда экономикалык активдүүлүктү токтотуу, адамдардын катташуусун чектөө жана карантин киргизүү чечимин кабыл алуу менен биз эң башкысы –вирустун жайылуу ылдамдыгын жана ооругандардын санын чектей алдык», - деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий