• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Исфана шаарында орнотулган И.Раззаковдун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жергиликтүү фермерлердин жана кол-өнөрчүлөрдүн продукциясы тартууланган айыл чарба көргөзмөсүнө барды.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Исфана шаарынын борбордук стадионунда өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, Лейлек районунун тургундарын райондун 90 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы аркылуу жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылына туш келген райондун юбилейи менен чын ниеттен куттуктайм. Райондун жалпы тургундарына өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөздөрүн билдирип кетким келет. Лейлек району кыргыз журтунун негизделишинде, өнүгүүсүндө жана чектеш кызматташтыкты чыңдоо ишинде ар дайым өзгөчө орунга ээ болуп келген», – деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы биздин мезгилдеги көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун инсандык деңгээлине өзгөчө токтолду.

«Исках Раззаков кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө арналган талыкпас эмгектин жаркын үлгүсү бойдон калат.

Элибиздин тарыхында ал ар дайым кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандарынын катарында турат»,- деп белгиледи ал.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Лейлек районунда республикалык бюджеттин эсебинен 21 объект курулууда, алардын арасында жети мектеп, эки бала бакча жана бир саламаттык сактоо объектиси бар. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Лейлек району достук, тилектештик жана улуттар аралык ынтымак өзгөчө байкалган аймак болуп саналат.

«Бул биздин башкы байлыгыбыз жана ишибиздин негизги артыкчылыктарынын бири. Тынчтык, ынтымак жана өз ара сый болбосо, ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес», – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий