• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт өлкө парламентинин «Ачык асман» саясатын киргизүү вариантын колдойт

Өкмөт 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-августта, «Ачык асман» саясатын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт авиация тармагын өнүктүрүүгө зор маани берет.

«2003-жылдан бери «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу натыйжасыз болуп келген. Учурда биз биз «Ачык асман» саясатын ишке ашыруу максатында авиа ташуулар рыногун либералдаштырууга ниеттенүүдөбүз. Биздин республика аркылуу эл аралык учууларды жасоону бардык каалоочуларга бир тараптуу тартипте «абанын бешинчи эркиндиги» укугу берилет. Бул демилге өз ара пайдалуу кызматташууну камсыздоого, ошондой эле авиа ташуучулар арасында ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана тейлөө деңгээлин жогорулатууга багытталган. Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков ачыктык, айкындуулук бардык тармактардагы, анын ичинде авиация жаатындагы кайта өзгөртүүлөр үчүн өбөлгө болушу керектигин бир нече жолу айткан. Бардык тармактардагы ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу керек», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр айрыкча белгилегендей, ал Өкмөт башчы катары алды менен биздин жарандардын учуулары болушунча коопсуз болушуна кызыкдар.

«Эгерде «Ачык асман» бизди коопсуз учуулар, арзан авиабилеттер, учуулардын багытын кеңейтүү менен камсыздаса, анда мен «Ачык асман» либералдык вариантын колдоогго даярмын. Анын үстүнө бул республиканын экономикасына да, туристтик тармагына да оң таасирин тийгизет. Биздин өлкө – инвесторлор, туристтер үчүн бейиш деп дайыма айтканыбыз менен, иш жүзүндө жада калса дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен түз аба каттамдарыбыз жок. Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин көрүүдө жана «Ачык асман» саясатына өтүү – бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири. Андан соң «Манас» эл аралык аэропортунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштер жана башка иш-чаралар жүргүзүлөт», - деп кошумчалады Премьер-министр.

Кеңешменин жүрүшүндө көз карандысыз эксперттер өз бет ачарларында белгилегендей, көп жылдар бою «Ачык асман» саясатын киргизүү мүмкүн болбой келген.

Алардын айтымында, айрым мамлекеттик органдар жана кээ бир жеке авиакомпаниялардын өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын лоббирлөө менен алектенишкен. Натыйжада көптөгөн кыргызстандыктар кымбаттыгынан улам авиабилеттерди сатып ала алышпайт же Ташкент жана Алматы шаарларынын аэропортторунун кызматтарын колдонууну тандашат.

Салыштыруу үчүн эксперттер «Ачык асманды» киргизгенден кийин 2016-жылы жүргүнчүлөрдү ташуу 10%, 2017-жылы – 21% түзгөн Арменияны мисалга келтиришти, ошол эле учурда Кыргызстанда 2016-жылы – 2%, 2017-жылы – 16% болгон.

«Бүгүнкү күнү Өкмөт менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул демилгени колдоого жана Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууга ниеттенип жатканы кубандырат. Муну менен биздин жарандарыбыз авиабилеттерди жеткиликтүү баада сатып алышат, ал эми чет элдик авиакомпаниялар кызыктуу каттамдарга ээ болуу туруктуулугуна ынанышат», - деп баса белгиледи эксперт Мирсулжан Намазалиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт Кыргыз Республикасынын Аба кодексине парламенттин депутаттарынын тобу менен иштелип чыккан өзгөртүүлөрдүн вариантын колдойт. Сунушталган вариант кыйла либералдуу жана өлкө жарандарынын кызыкчылыктарына жооп берген катары каралууда.

Маалымдама: «Ачык асман» саясаты – бул эрежелерди либералдаштырууга жана эл аралык авиацияны жөнгө салууга, бул тармакта эркин рынокту түзүүгө багытталган эл аралык тажрыйба. Бул Өкмөт авиакомпаниялардын каттамдарды аныктоо, пункттарды, көлөмдөрдү, билеттердин баасын жана жүк ташууларды белгилөө чечимдерине кийлигишпейт дегенди билдирет. «Ачык асман» режиминде бардык чет элдик ташуучуларга аэропортко учууларды дээрлик чектөөсүз аткаруу, тагыраагы, аба ташуулдарына арналган аба кемелерине учууларга бир тараптуу чектөөрдү алып салуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий