• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Өкмөт мамлекеттин бардык чыгаша милдеттенмелерин өз учурунда камсыздайт

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Өкмөт мамлекеттин бардык чыгаша милдеттенмелерин өз учурунда камсыздайт. Бул туурасында кечээ, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү дүйнөлүк экономикалык өнүгүү тенденцияларынын таасирине жана Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндөгү абалга байланышкан макроэкономикалык болжолдордун негизги параметрлерин тактоо менен шартталган.

Атап айтканда, Премьер-министрдин айтымында, ички дүң продуктунун көлөмү 558,4 млрд сомду түзүп, 2,8% өсүү камсыздалган, ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 142,3 млрд сомду түзүп, 1,4 млрд сомго жогорулаган.

«Бул максатка Өкмөттүн салык тутумун фискалдаштыруу жана салыктарды администрациялоо маселесине өзгөчө көңүл бургандыгы аркылуу жетишилген. Салыктарды администрациялоо тутумун өркүндөтүү эсебинен гана биз салыктык түшүүлөрдү 2,7 млрд сомго жогорулашын болжолдоодобуз. Бажылык түшүүлөрдүн өсүшү 139,0% деңгээлде камсыздалат жана бажы кызматкерлеринин алдына чогултуулардын көлөмүн 4,6 млрд сомго жогорулатуу милдети коюулууда», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, бюджетке каражаттардын түшпөй калуу тобокелдиги бар, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкынан 1 млрд 790 млн сом, Эл аралык валюта фондунан - 930,8 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Анткен менен Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөттүн алдында маанилүү социалдык долбоорлорду кошумча каржылоону камсыздоо боюнча маанилүү милдеттер турат.

Алсак, анын айтымында, буга чейин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2,9 млрд сом каралган болсо, Өкмөт бул сумманы 5,9 млрд чейин жеткире алды, бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн 3 млрд сомго көбөйттү.

1 млрд сом «Айыл банкты» капиталдаштырууга бөлүнөт. Бул каражаттар дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө багытталат. Дагы 1 млрд сом ипотекалык насыялоо программасын каржылоого бөлүнгөн.

«Ошол эле учурда республикалык бюджеттин чыгымдары 3,7 млрд сомго кыскарып, 157,5 млрд сомду түзгөн. Белгилей кетсем, Өкмөт бардык чыгымдык милдеттемелерди өз убагында каржылоону камсыздайт, бул айрыкча бюджеттин корголгон беренелерине тийиштүү. Бюджеттин тартыштыгынын болжолу 15,3 млрд сом өлчөмүндө жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн 5,1 млрд сомго азаят», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий