• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт өндүрүшчүлөрдү колдоого милдеттүү жана колдойт

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен сымап комбинатына барды.

Өкмөт башчы ишкананын шахталарын, байытуучу фабрикасын жана комбинаттын темир заводун көрүп чыкты, ошондой эле чыгарылган продукциянын үлгүлөрү менен таанышты.

Премьер-министрге маалымдашкандай, Айдаркен сымап акционердик коомунун «Кошумча» шахтасында 2009-жылы болгон 1-категориядагы авариянын кесепетинен «Кошумча» жана «Батыш» шахталарында төмөн жайгашкан негизги кен горизонтторун суу каптаган.

Бирок инвестор «Север сталь» ЖЧКсынын келиши менен кырсыктын кесепетин жоюу иштери башталган. Учурда жер алдындагы шахта сууларынын деңгээли 1572 метрге чейин төмөндөп, бул «Батыш» шахтасындагы 2-горизонтту кургатууну шарттаган жана 2018-жылдын мартында копмлекстүү кен казуу башталган.

Инвестор «Север сталь» ЖЧКсы активдүү инвестициялык ишмердик кылат, анын максаты – Айдаркен сымап акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердигин жандандыруу жана горизонттордо тоо кен иштерин калыбына келтирүү болуп саналат. Мындан тышкары инвестор байытуучу фабрикада комплекстүү кенди кайра иштетүү технологиясын киргизүүгө ниеттенүүдө, бул сурьма, сымап жана флюоритти алуу коэффицинтин дээрлик эки эсеге жогорулатууну шарттайт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт атамекендик өндүрүшчүлөрдү, айрыкча ушундай уникалдуу ишканаларды колдоого өзгөчө көңүл бурат.

«Биз үчүн өлкөдө жаңы өндүрүштүк объектилеринин ачылышы кажет, биз үчүн ар бир жумуш орду зарыл. Мен силер сыяктуу өз эмгеги менен аймагынын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон эмгекчилерди колдойм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Өкмөт башчы Кадамжай сурьма комбинатына барып, анын жетекчилиги жана эмгек жамааты, ошондой эле ишкананын базасында өз долбоорлорун ишке ашырып жаткан инвесторлор менен маектешти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрыкча көрсөткөндөй, минералдык-сырьелук базанын учурдагы абалын, ошондой эле чыгарылган продукцияга дүйнөлүк рыноктогу суроо-талапты эске алып, Өкмөт Кадамжай сурьма комбинатын өнүктүрүүгө ар тараптуу аракеттешет.

Өкмөт башчы ырастагандай, мамлекет атаандаштыкка жөңдөмдүү продукцияларды чыгарган экспортко багытталган ишканаларды колдоого бөтөнчө көңүл бурат.

Пикир

Оставить комментарий