• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев ӨКМ түзүмдөрүнө атайы унааларды жана жабдыктарды тапшыруу аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-августта, Япония Өкмөтүнүн жана БУУӨП колдоосу астында «Кыргыз Республикасындагы тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жана Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрү үчүн берилген атайы унааларды жана жабдыктарды тапшыруу аземине катышты.

Өкмөт башчы бүгүнкү окуянын жалпы өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул биз үчүн абдан маанилүү жана зарыл көмөк болуп саналат. Бул унаалар жана жабдыктар республиканын куткаруу түзүмдөрүнүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу мүмкүнчүлүгүн чыңдоого жана ал боюнча милдеттерин натыйжалуу аткрууга мүмкүндүк берет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылык билдирүү менен катар, Премьер-министр Япония Өкмөтү тарабынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатында гана эмес, билим берүү, маданият, жол куруу, коммуникациялык обьектилерди жана инфраструктураны куруу тармагында да иш жүзүндө үзгүлтүксүз көмөк берилип келе жаткандыгын баса белгиледи.

«Учурдан пайдалануу менен Ёсихиро Ямамурага жана Япония Өкмөтүнө, БУУ Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Азонния Ожиелого кыргыз элине көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирем. БУУӨП өлкөбүздүн негизги өнөктөшү экендигин белгилеп кетким келет. Биз өлкө үчүн маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда натыйжалуу кызматташуудабыз. Мындан ары карай дагы активдүү жана жемиштүү аракеттешебиз деген ищеничтемин», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамура белгилегендей, долбоор Япония тарабынан 2015-жылдын ноябрында Париждеги климат боюнча Конференцияда сунушталган Кыргыз Республикасына климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашууга климаттын өзгөрүү саясаты тармагында аракеттешүү максатында жардам көрсөтүү тууралуу «Actions for Cool Earth 2.0» программасын, ошондой эле 2015-2030-жылдары кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашырууга ылайык аткарылууда.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП туруктуу өкүлү Азонния Ожиело белгилегендей, БУУӨП үчүн кырсыктарга жана тобокелдиктерге туруктуулукту камсыздоо өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүсүн камсыздоонун алкагындагы иштердин негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

«Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет. БУУӨП мындай маанилүү долбоолордун аткаруучусу болуп саналары биз үчүн зор сыймык», - деди Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу өкүлү Азонния Ожиело.

Андан соң Өкмөт башчы Япониянын элчиси жана Кыргыз Республикасындагы БУУӨП туруктуу өкүлү Азонния Ожиело менен биргеликте зарыл болгон куткаруу жабдуулары жана ыкчам авариялык-куткаруу жана өзгөчө кырдаалдар чыккан жерлерде башка токтоосуз иштерди жүргүзүү жабдыктары менен жабдылган унааларды көрүп чыгышты. Жабдуу урандыларды тазалоо, өтмөктөрдү жана тешиктерди уюштуруу, жабыркагандарды алып чыгуу үчүн гидравликалык жана пневматикалык каражаттарды, ошондой эле альпинисттик жабдыктар жана жарык берүүчү жабдууларды өзүнө камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий