• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев: Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү

Өкмөт 0

Бишкек. 15.02.19 /Кабар/. Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Бул туурасында өкмөтүнүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жыл өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жөнөкөй эмес жылдардан болду, биринчи кезекте бул глобалдык экономикалык процесстердин, дүйнөлүк валюталардын баасынын өзгөрүүсүнүн, мунай продуктуларына карай баалардын туруксуздугунун, санкциялык саясаттын кесепетинин таасирине байланыштуу орун алды.

«Буга карабастан, биз бардык кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе алдык. Өкмөт тең салмактуу жана ырааттуу саясатты жүргүзүп, мында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо шартында экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү», - деди Абылгазиев.

Анын маалыматына ылайык, 2018-жылы ИДП өсүшү 3,5% түздү, ошол эле учурда биздин негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүз катары саналган өлкөлөрдө дүйнөлүк экономикадагы тутумдук каатчылыктын кесепеттери байкалууда.

«Буга катар биздин республика башка өлкөлөр сыяктуу эле чет элдик инвестициялардын кыскаруу көйгөйүнө туш болду, анын дүйнөлүк көлөмү 23%га кыскарган. Бул шарттарда биз жарандар алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерибизди өз учурунда жана толук көлөмдө аткардык, бул макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча иштиктүү чаралардын кабыл алынышы менен коштолду. Алгач ирет улуттук экономиканын «Кумтөр» кенинин ишинен көзкарандысыздыгын камсыздоо боюнча кадамдар жасалды. Биз экономикабыздын артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүгө күч-аракетибизди жумшоо менен бул стратегияны келечекте да карманабыз», - деди Абылгазиев.

Ал белгилегендей, ИДП көлөмү 557,1 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 37,5 млрд сомго жогорулаган, ал эми салыктык түшүүлөр 12,3 млрд сомго жогорулаган. Инфраструктурага инвестициялардын көлөмү 150,8 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5 млрд сомдон ашуун көлөмгө жогорулаган. Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдү колдоого алуу максатында 5,6 млрд сом суммасындагы жеңилдетилген кредит берилген. Он жылдан ашуун ишке киргизилбей жаткан «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилди.

Премьер-министрдин айтымында, абройлуу эл аралык уюмдар республикадагы макроэкономикалык абалды стабилдештирүүгө жогору баасын берүүдө жана келечекке карай оңдуу болжолдорун берип баштады.

«Мисалга, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюталык фонд биздин ИДП 4-4,5% деңгээлде өсүшүн болжолдоодо. Мен бул көрсөткүчтөргө жетишебиз деп ишенем. Ошондой эле биз өлкөнүн ар кыл рейтингдеги позициясын жакшырта алдык, алсак: төлөм жөндөмдүүлүгү индексинде – 37 позицияга, «Doing Business» индексинде - 7 позицияга, глобалдык атаандаштык индексинде – 5 позицияга, социалдык туруктуулук индексинде – 4 позицияга жакшырттык. Биздин өлкө туристтер үчүн дүйнөдөгү эң кызыктуу 5 мамлекеттин катарына кирди, ал эми 2018-жылы Кыргыз Республикасына 7 млн жакын турист келген. Дагы бир маанилүү окуя – «Ачык асман» долбоорунун ишке ашырылышы, бул экономиканын өнүгүүсүнө, инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө кошумча дем берет», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкө региондорун өнүктүрүү боюнча кабыл алынган чараларга токтолду, ага ылайык, өткөн жылы 246 ишкана ишке киргизилип, 77 миңден ашуун жумушчу орду түзүлгөн.

Премьер-министр белгилегендей, 2018-жылы ар кыл тармактарда бир катар маанилүү реформалар ишке ашырылган, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин, ошондой эле жарандарыбыздын колдоосуна ылайык жүзөгө ашырууга мүмкүн болду.

Пикир

Оставить комментарий