• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев: Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы 2040-стратегиясына дал келет

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, «Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынан Туруктуу өнүктүрүү максаттарына карай: Кыргызстанда бардыгын камтыган жана туруктуу өсүштү колдоо» деген жогорку деңгээлдеги семинарына катышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анда сүйлөгөн сөзүндө Өкмөт башчы БУУ жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү программасына, өнүктүрүү боюнча башка эл аралык өнөктөштөргө биз менен натыйжалуу кызматташтыгы жана көрсөткөн жардамдары үчүн чоң ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкө Глобалдуу Миң жылдыктын Туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин даярдоого жана талкуулоого, 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарын аныктоого башынан баштап активдүү катышып келет. 2017-жылы улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алып, индикаторлор системасын, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулукту даярдоого карата иштин биринчи этабын аяктады. Алар жаңы узак мөөнөттүү стратегиялык документте – 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында чагылдырылат. Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине бекитилген «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы жана аны Ишке ашыруу планы элдин талаптарын жана пикирин, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканын, ошондой эле 2040-жылдарга чейин Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттары менен дал келерин белгилейм», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун, элдин жашоо-турмушун жогорулатуунун, адамзаттык потенциалды өнүктүрүүнүн, экономиканын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүнүн, улуттук программаларды, өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруунун үстүндө иштөөгө ниеттенип жатат.

«Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу Өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга (онлайн режиминдеги 45 мамлекеттик кызмат көрсөтүү), кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүктөрүн жеке менчик секторго аутсорсинг менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик платформасына өтүүгө, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү улантууга, мамлекеттик түзүмдөрдүн бизнес менен иштерин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде кайра түзүүгө ниеттенүүдө», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, түзүмдүк реформалар жана туруктуу экономикалык өнүктүрүү аркылуу элдин жашоо-турмушун жогорулатуу чөйрөсүндө Өкмөт кызыктыруучу инвестициялык климатты түзүү жана натыйжалуу салыктык жана бажылык саясатты жүргүзүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнү пландаштырууда.

Адамзаттык потенциалды өнүктүрүү маселеси боюнча Өкмөт башчы төмөнкү багыттарга айрыкча көңүл буруу пландалып жатканын белгиледи:

«Билим берүү аспекти билим берүүнүн жаңы стандарттарына, окуу китептерине өтүү, санариптик технологияларды активдүү пайдалануу, PISA эл аралык рейтингинде позицияларды жакшыртуу, республиканын бардык мектептерин интернет менен камсыз кылуу дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагында дагы эл аралык стандарттарды киргизүү жана көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртуу пландаштырылган», - деп баса көрсөттү Премьер-министр жана пенсиялык камсыздоо, социалдык жөлөкпулдар системасын өркүндөтүү, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо пландары тууралуу айтып берди.

Маалымдама: 24-июнда БУУ «МАПС» (MAPS: Mainstreaming, Acceleration, and Policy Support, (Интеграция, тездетүү жана саясатты колдоо)) адистеринин миссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпы улуттук кызыкчылыктарга жана өнүктүрүү артыкчылыктарына интергациялоо, тездетүү жана саясатты колдоо Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ыңгайлашууда Өкмөттүн күч-аракеттерине колдоо көрсөтүү максатында Бишкекке келген.

Пикир

Оставить комментарий