• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун алкагында пландаштырылган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору, инфратүзүмдүк объекттердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Премьер-министр билдиргендей, акыркы жылдардын жыйынтыгы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылган көлөмдөн кыйла артта калган катары белгиленет.

«Бул жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун коюлган милдерттерди аткаруу ишинин натыйжасы төмөн экендигин айтып турат. Буга байланыштуу коюлган максаттарды сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууда жетекчилердин жеке жоопкерчилигин эскертем. Министрликтер жана ведомстволор Кеңеш тарабынан каралган долбоолорду илгерилетүүдө ыкчам жана уюшкандыкта иштөөгө тийиш», – деди ал жана үстүбүздөгү жылдын 5 айынынын жыйынтыгы боюнча МИД бюджетин аткаруу 87% түзгөнүн, бул 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу кырдаалдын жакшыруусун күбөлөндүрөрүн кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев эске салгандай, ишти күчөтүү максатында Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө токтомго кол коюлду.

«Тартылган бардык мамлекеттик органдар бул Жобону кынтыксыз аткарууга кабыл алып, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун илгерилетүүдө аны катуу карманууга тийиш», – деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, иштеп чыгуу стадиясындагы долбоорлорду баалоо иштерин күчөтүү зарыл.

«Ар кандай мамлекеттик инвестицияларды тартуунун өлкөнүн тышкы карызына таасири бар экендигин эсте сактоо керек. Ошондуктан биринчи кезекте артыкчылыктарды туура коюп, долбоорлорду сапаттуу иштеп чыгып, алардын артыкчылыктарын жана кемчилдиктерин, ошондой эле долбоорлор боюнча кабыл алынган ар бир чечимдин маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун туура баалоо керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал Экономика министрлигине долбоорлорду баалоо методикасын аяктоо жана бекитүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун алкагындагы иштерди күчөтүүнү жана өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик инвестициялардын үч долбоорун жактырды.

Алардын ичинде:

1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагын чыңдоо үчүн айыл чарба техникасын киргизүү боюнча долбоор, Корея кызматташтык жана экономикалык өнүктүрүү фонду (ЕDСF) 12 млн АКШ долларына тарабынан каржыланат;

2. «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA1000» долбоору, Дүйнөлүк банк (МАР) жана Көп жактуу донордук максаттуу Фонд тарабынан 11 млн АКШ долларына каржыланат;

3. «Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоо жана санитариясын өнүктүрүү» долбоору, Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 32,9 млн АКШ долларына каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий