• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев: Өкмөттүн идеологиясында камтылган башкы милдеттердин бири – жумуш ордун түзүү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири жаңы, анын ичинде айыл жеринде жумуш орундарын түзүү болуп саналат, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын жүрүшүндө.

«Өлкө Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө чечими туура болгон. Былтыркы жылы башталган иш улантылат. Биз үчүн башкы милдеттердин бири жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Аймактардагы көйгөйлөр тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болгон сиздерден жакшы эч ким билбейт. Дал ушул сиздер региондорду өнүктүрүүнүн туура багытын бере аласыздар. Ошондуктан бүгүнкү конференция жер-жерлерде талылуу маселелерди чечүү жана атамекендик экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багытын аныктоо үчүн кыйла маанилүү болуп саналат», - деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, айыл жерлеринде жумуш орундарынын жоктугуна байланыштуу эмгекке жарамдуу жаштардын басымдуу бөлүгү иш издеп башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушууда.

«Бүгүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө биздин 730 миңдей мекендешибиз эмгектенишүүдө. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, биз өлкө ичинде иш орундарын түзүүгө жана жаштарды үйүнө кайтарууга багытталган чараларды көрүүнү улантабыз», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүүсү 3,5% түздү.

«Дүйнөлүк институттар бизге тыштан карап турушат жана республикабыздын социалдык-экономикадык абалына өз бааларын беришет. Байкалган ИДПнын өсүшүн эске алуу менен коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу атамекендик экономика өсүүдө деген бүтүм чыгарууга болот. Биринчи жолу «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүн кошпогондо, биз бир кыйла маанилүү көрсөткүчтөргө жетише алдык», - деди ал.

«Биз кыргыз экономикасына инвестициялар төмөндөдү деп айтып жатабыз. Бирок инвестициялардын көлөмү дүйнөдө 1,14 трлн АКШ долларына кыскарган. Инвестициялардын көлөмүнүн кыскаруусу биздин жеке күч-аракеттерибизге таянуубузду шарттады, ички ресурстардын эсебинен экономиканы өнүктүрүү боюнча саясат башталды», - деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык жашоо тармактарында оң өзгөрүүлөр көрүнүп турат.

«Социалдык чөйрөдө жаңы объекттердин курулушу жүрүүдө, аймактарда жол инфраструктурасы өнүгүүдө, көптөгөн айылдарда жолдор республикалык бюджеттин гана эмес, жергиликтүү бюджеттин дагы эсебинен курулууда. Биз мамлекеттик сарптоолорду кыскарттык. Ошентип, бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомдон 10 млрд сомго кыскарган. 2020-жылы бюджетибиз тартыштыгы жок болот деп турабыз. Doing Business рейтингинде республика 77-орундан көтөрүлүп, 73-орунду ээледи. Биздин максат – баштапкы 50 өлкөнүн катарына кирүү. Биздин өлкөдө бизнесин баштоону каалагандар үчүн биз ыңгайлуу шарттарды түзүүдөбүз жана бул иштерди улантабыз», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий