• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Абылгазиев Өкмөттүн ишин санариптештирүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-майда, «Акылдуу шаар» долбоорун, «Түндүк» ведомство аралык өз-ара аракеттешүү тутумун жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө коомдо жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлордун мааниси жана анын иштөө механизмдери тууралуу так түшүнүк жок. Премьер-министрдин айтымында, тийиштүү мамлекеттик органдар жарандардын суроолоруна так жооп бере алган жок, буга байланыштуу коомдо ар-кыл пикирлер пайда болду.

«Акылдуу шаар», «Түндүк» жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорлорунун негизги милдети өлкө жарандарынын коопсуздугун жогорулатуу, кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындыгын жана ыкчамдыгын камсыздоо, ошондой эле адамдык факторду жоюу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат. Биз өнүгүүнүн ар-кандай сценарийлерин тыкыр талкуулап, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү объективдүү баалап, мындан аркы аракеттерибиз үчүн жол тандообуз керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, келечекте аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын бирдиктүү пикири жок.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев «Түндүк» ведомство аралык өз-ара аракеттешүү тутумун жана «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ал «Түндүк» тутуму мамлекеттик органдар гана эмес, юридикалык жана жеке жактар да көрсөтүлө турган электрондук мамлекеттик башкаруу үчүн негиз болуп берээрин өзгөчө белгиледи.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы аны ишке ашыруу эки жыл мурун башталгандыгын жана аталган долбоордун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал акыркы айларда «Түндүк» тутумуна жетишсиз көңүл бурулгандыгын жана аны ишке ашыруунун жүрүшү туура эмес багытта жүргөндүгүн өкүнүү менен билдирди.

Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, учурда «Түндүк» тутуму жакшыртылган версияга өткөрүлүүдө, бул тутумдун коопсуздугун жогорулатууга, убакытты көрсөтүү менен квалификацияланган электрондук кол тамганы киргизүүгө, маалыматтардын бүтүндүгүн камсыздоону ж.б мүмкүндүктөрдү берет.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, учурда электрондук документ жүгүртүү тутумунун абалы тууралуу маалымат берген 46 мамлекеттик органдын:

- 12синде - электрондук документ жүгүртүүнүн ар-кыл түрү пайдаланылат;

- 5инде – документтерди аткарууну көзөмөлдөөнүн автоматтык тутуму пайдаланылат;

- 29унда - документ жүгүртүү боюнча автоматташтыруу орун алган эмес.

Анын айтымында, «Адам ресурстарын эсепке алуу» автоматтык маалыматтык тутумунун базасында электрондук документ жүгүртүүнү иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынган, ал ачык архитектуралык чечим аркылуу иш алып барып, зарыл болгон учурда аны толуктап иштеп чыгууга жана кеңейтүүгө мүмкүндүк болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев маалымдагандай, «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында 4 негизги модулдан: жол эрежесин бузууну фото- жана видео фиксациялоо тутуму, ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жол эрежесин бузуу жана жол кырсыгы фактысын каттоо тутуму, административдик бузуулар жөнүндө токтомдун мөөрүн түзүү тутуму, анын ичинде айыппулду жеткирүү жана аны төлөө тутумунан турган борбордук маалыматтык интеллектуалдык тутум иштелип чыккан. Ал борбордук тутумдун иштешин көрсөтүп, анын өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, аталган долбоорлорду ишке ашырууда бардык мамлекеттик жана аймактык башкаруу органдары үчүн бирдиктүү стандарттар иштелип чыгуусу керек. Ал техникалык милдеттерди чечүүдө бардык деталдар эске алынышы тийиштигин баса белгиледи.

«Биз жарандардын мамлекеттик тейлөө алууга карата мүмкүндүгүн жеңилдетүүбүз керек. Аталган долбоорлорду ишке ашырууда калктын жана чиновниктердин ортосундагы байланыш дээрлик жоюлуп, тигил, же бул маалымдама алуу үчүн пара берүү мүмкүндүгү четтетилет. Адамдык фактор жоюлат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңшменин жүрүшүндө белгиленгендей, коңшу өлкөлөрдүн мындай долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын иликтөөдө электрондук башкаруу тутумун киргизүү боюнча алардын кемчиликтери эске алынды.

Өкмөт башчы көрсөтүлгөн долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында өнөктөрдү тартуу менен ишке ашыруу мүмкүндүгүн иликтеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жогорку долбоорлорду ишке киргизүүдөгү бардык өзгөчөлүктөрдү тыкыр иликтеп чыгып, Өкмөткө бирдиктүү сунуштардын топтомун киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий