• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: КМШ алкагында кызматташуу боюнча КРнын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат

Өкмөт 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Премьер-министр ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев катышуучулардын ишине ийгиликтерди жана Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттешүүсүн жакшыртууга багытталган чечим кабыл алууларын каалап өттү.

Тар курамдагы жыйында сөз сүйлөгөн Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, КМШ алкагында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат.

«Биз КМШ мүчө-өлкөлөрүнүн интеграциясын мындан аркы бекемдөөнү жана көп тармактуу форматта өз ара кызматташуусун өстүрүүнү колдойбуз», - деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн артыкчылыктуу тармактары болуп соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттарда кызматташууну өнүктүрүү, коопсуздукту камсыздоо жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы аракеттенүү маселелеринде аракеттешүү калууда.

«Өзгөчө белгилей кетсем, акыркы эки жылдын ичинде Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-сентябрында кабыл алынган КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шериктештиктин уставдык жана тармактык органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган уюштуруу жана тажрыйбалык чаралардын топтомун жүргүзүү тууралуу чечиминин алкагында биздин Уюмду заманбап талаптарга ыңгайлаштыруу багытында биз тараптан белгилүү бир иштер аткарылды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тармактык органдардын кызматташтыгынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды берди.

Атап айтканда. ал тармактык органдар Шериктештикти заманбап талаптарга ыңгайлаштыруу жөнүндө чечимдин жоболорун, тактап айтканда, тармактык жана тармак аралык өз ара аракеттешүүнүн практикалык маселелерин чечүү жаатында ишке ашырууга багыт алуусу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн негизги аспабы катары саналган Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

«Бул тармакта ишке ашырылбаган чоң мүмкүндүктөр бар экендиги жалпыбызга белгилүү. Өз ара соода жүгүртүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү колдогон жак катары, кыргыз тарап соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу жана коргоочу чаралардын санын төмөндөтүү боюнча ишти улантуу үчүн чыгууда», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга катар Өкмөт башчы «Шериктештик мейкиндигиндеги губернаторлордун аймак аралык форуму» аталышындагы демилгени ишке ашырууну сунуштады.

«Аталган демилге экспорттук жана импорттук операциялар номенклатурасын диверсификациялоо, биргелешкен ишканаларды түзүү, экономиканын бардык тармагындагы технологиялык жана инновациялык кайра түзүүлөр боюнча кызматташтык, экологиялык аспектилерди эске алуу менен КМШ алкагындагы аймактарыбыздын экономикалык өз-ара аракеттешүүсүн чыңдай алчу өндүрүштү стимулдаштыруу боюнча биргелешкен ишке өбөлгө түзөөрүнө ишенем», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий