• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Абылгазиев КМШ ӨБК жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди (сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 31-майдан 1-июнга чейин өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Дүйшөмбү шаарынын аэропортунда Өкмөт башчыны Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Саид Давлатали тосуп алды.

Белгилесек, КМШ ӨБК кеңешмеси 1-июнда өтөт, анда Премьер-министрлер КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин жана кызматташуунун башка багыттарын талкууламакчы.

Кыргыз расмий делегациясынын курамында: вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги Уставдык органдарына караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Шамилбек Асымбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев, Кыргыз Республикасынын КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зина Асанкожоева бар.

Пикир

Оставить комментарий