• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Абылгазиев Кочкор районунун Комсомол айылындагы мектептин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Билим берүү мекемелери – бул таланттардын ордосу жана акыл кенчи. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районунун Комсомол айылындагы мектептин ачылыш салтанатында билдирди.

«Бүгүн дагы бир жалпы билим берүү мекемеси ачылууда. Мен ушул жайдан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган көп патриоттор – келечектеги технологдор, инженерлер, IT-адистер өсүп чыгарына ишенем. Мамлекет жарандардын ден соолугуна кам көрүү жана балдарга сапаттуу билим берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Биздин максат – бул билимдүү жана дени сак балдар, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Биз буга чейин ата-энелер 1-класстан баштап баласын билимге болгон ынтызарлыкты өрчүтө алган күчтүү мугалимге берүүгө далалат кылып келгенин билебиз. Мектептерге өз кесиби боюнча шыгы барлардын келиши үчүн биз мугалимдер арасындагы атаандаштык чөйрөсүн жандандыруубуз керек».

С. Өмүрбаев атындагы орто мектеп буга чейин 2 корпустан турчу. Булардын экөө 2006-жылы болгон жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келген. Жалпы суммасы 51 млн сом болгон, 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Бул заманбап билим берүү мекемесинде бардык шарттар түзүлгөн. Мектептеги 393 окуучуга 35 мугалим сабак берет.

Өкмөт башчы окуу корпусун, ашкана жана спорттук залды көрүп, бардык аймактардагы мектептер бери дегенде ушундай сапатта, тагыраак айтканда, окуучулар менен мугалимдерге ыңгайлуу болуш керектигин белгиледи.

Премьер-министр ошондой эле Кочкор районунда дагы үч мектептин абалы менен таанышты. Ал окуу мекемелеринин абалы мыкты экендигине ынанып, бул билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын жыйынтыктарынын бири деп белгиледи.

Өкмөт башчы ар бир мектепте мугалимдер менен маектешип, алар Өкмөткө айлык акысы көбөйтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Алар интернет аркылуу сынак тапшырууну шарттаган окутуунун заманбап ыкмалары, онлайн программалар киргизилип жатканы, окуу процессин жакшыртуу пландары тууралуу айтып беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо алдындагы программасындагы мугалимдердин айлыгын көтөрүү максатын ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттарды тапты.

Ошондой эле Өкмөт башчы муну менен бирге өлкөдө рекорддук сандагы мектептер курулуп жатканын, мамлекет мугалимдерди колдоо жана мектепте билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча чараларды мындан ары да көрөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий