• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Абылгазиев: Коом өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарын кыскартуу боюнча чечкиндүү кадамдарды күтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-июнда, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу процесси аяктаганын маалымдады.

«Биз жакынкы айларда бул долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандоо сынагы жарыяланарын пландап жатабыз. Жалданма бардык зарыл болгон жол инфраструктурасын түзүп, кыймыл жыш болгон кесилиштерде жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттаган камераларды орнотуусу керек», - деди Бакыт Шаршембиев.

Ал «Коопсуз шаар» Автоматташтырылган платформасы» программалык камсыздоосу «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан даярдалганын белгиледи.

«Долбоорду ишке ашыруунун биринчи баскычында борбор калаанын 38 кесилишинде жана 52 ылдамдык бөлүгүндө камераларды орнотуу, ошондой эле 20 көчмө комплексин жабдуу пландалууда. Бул беш жылдын ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын санын эки пайызга чейин кыскартууну жана бюджетке түшүүлөрдү кыйла көбөйтүүнү шарттайт», - деди Бакыт Шаршембиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр коом Өкмөттөн өлкөнүн жолдорунда жол кырсыктарын кыскартуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканын белгиледи.

«Биз «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга маалыматтык технологияларды киргизүү тармагында кыйла тажрыйбалуу жана IT-кызматтары рыногунда ийгиликтүү ири чет элдик компанияларды тартуубуз керек. Компанияларды тандоо процедурасы ачык-айкын болушу абзел», - деп баса көрсөттү Өкмөт башчы жана сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөмүн 10 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүнү сунуштады.

«Эгерде жеңүүчү компания сынактын шарттарын аткарбаса, анда көрсөтүлгөн сумма мамлекеттик бюджетке которулат», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» долбоорунун милдеттерин ишке ашырууда жооптуу орган экенин өзгөчө белгиледи.

««Коопсуз шаар» долбоорунун милдеттерин кеңейтүүгө дагы көңүл буруу зарыл. Жол кыймылын бузуулардын санын кыскартуу – бул «Коопсуз шаар» долбоорунун бир гана компоненти. Жолдордун кыймыл жыш тилкелериндеги камералар укук тартибин жана бүтүндөй өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо тутумунун бөлүгү болушу керек», - деп белгиледи Премьер-министр жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнес-коомчулуктардын катышуусунда коомдук талкуу өткөрүүнү милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий